Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аматов: кан тамырларга кам көрүүнү 30 жаштан кийин эле башташ керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовБалдар кардиологу Данияр Аматов
Балдар кардиологу Данияр Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Балдар кардиологу Данияр Аматов жүрөгүндө, кан тамырларында мандеми барлар ысыктан чыгып муздак сууга секирүүсү кооптуу болорун айтты.
Биз кан тамырларыбызды таза алып жүрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анткени бул ден соолуктун башаты болуп эсептелет. Бул тууралуу Данияр Аматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Аматов: кан тамырларга кам көрүүнү 30 жаштан кийин эле башташ керек
Анын айтымында, тамеки чегүү кан тамырларды катырып, кан айланууга чоң тоскоолдук жаратат.
Кан тамырлар таза, бекем болсо кан айлануу жакшы жүрүп, жыйынтыгында ден соолук да мыкты болот. Бирок адамдар майлуу, таттууларды адаттан тыш көп жеп, тамеки чегип, аз кыймылдап кан тамырлардын ичкеришине, канда май жана башка керексиз заттардын көбөйүшүнө өздөрү "салым кошуп алышат".
"Мындан улам сырткы кабыкчасы жукарып, жарылып, тромб пайда болушу ыктымал. Мындай тромбу бар адамдар ысык мончодон чыгып муздак сууга секирүүгө болбойт. Ошондой эле жогоруда санап өткөн туура эмес жашоо образы инфаркт, инсульт деген ооруларга алып келет. Биз ден соолук жөнүндө ойлонгондо бир эле өзүбүз үчүн эмес, жалпы генетикабызга жоопкерчилик аларыбызды унутпасак. Балдарыбыздын саламаттыгы бекем болсун десек, алгач өзүбүздүкүнөн башташыбыз керек. Кан тамырга чылым тартуу да зыян. Андыктан тамеки, алкоголь сыяктуу пайдасыз заттардан арылып, туура тамактанып, тузду, шекерди аз жеп, көп кыймылдап, 20-30 жаштан өткөндөн кийин эле кан тамырларга кам көрүүнү колго алуу зарыл. Бирок биз 50-60ка чыкканда гана бул тууралуу ойлонуп баштайбыз, тилекке каршы, кечигип калабыз",— деди Аматов.
Кардиолог Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жүрөк, кан тамыр ооруларына чалдыккандар көп болорун, андыктан организмге адамдар өздөрү көмөкчү болушу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0