Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды Пасха менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент КР Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Мамлекет башчысы Пасха православдар үчүн маанилүү экенин белгилеп, бул майрам адамдарга өз ара түшүнүшүү, гармония жана кубаныч тартуулашын каалаган.
БИШКЕК, 5 -май. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды Пасха майрамы менен куттуктап, анын православдар үчүн маанилүү экенин белгилеп, бул майрам адамдарга өз ара түшүнүшүү, гармония жана кубаныч тартуулашын каалаган.

"Кымбаттуу мекендештер, жаркыраган Пасха баарыбызды боорукерликке, сүйүүгө жана кечиримдүүлүккө үйрөтөт. Бул майрам жашообузду жана жүрөгүбүздү адеп-ахлакка, ишеним менен чыдамкайлыкка толтурат. Дүйнөлүк бардык диндер тынчтыкты сүйүүгө, сактоого жана толеранттуулукка үндөйт. Православие башка диндер сыяктуу эле коомдо гумандуулуктун баалуулуктарын өнүктүрүүгө, өлкө менен коомдун туруктуу өнүгүшүнө тилектештик менен өз салымын кошуп келе жатат", — деген мамлекет башчы.

Жапаров мамлекет мыйзамдуулукту сактап, жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү, алардын укугун коргоо жана сактоодо катуу турарын белгилеген. Ошондой эле жалпы улуттук биримдикти бекемдөө менен өлкөдөгү баа жеткис байлык – этникалык жана диний түрдүүлүктөрдү сактоого шарт түзүлгөнүн айткан.
Аруу тилектер айтылып, Бишкекте Рождествону белгилешти. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Аруу тилектер айтылып, Бишкекте Рождествону белгилешти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0