Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киевдин чет өлкөдөгү жарандарынын паспортун жараксыз кылуусуна ЕБ макул эмес

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУкраин жарандыгынын паспорту. Архивдик сүрөт
Украин жарандыгынын паспорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери жаңы демилге ал аймактардагы мыйзамсыз миграциянын күчөшүн шарттайт деп чочулагандыктан макул эмес экендигин айтышууда.
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Киев бийлиги чет өлкөлөргө Украинадан барган аскерге жарамдуу бардык эркектердин эл аралык паспорттору менен айдоочулук күбөлүктөрүнүн мөөнөтү али өтө электигине карабастан, аталган документтерин 1-июндан баштап жараксыз кылууга камынууда. Бул үчүн Украина бийлиги демилгени Евробиримдиктин кубатташын күтүүдө. ЕБ мыйзамсыз миграциянын күч алышынан чочулап, азырынча буга каршы экенин Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаров билдиргенин РИА Новости жазды.
Жергиликтүү ЖМКлар буга чейин Украина ТИМи өлкөнүн башка мамлекеттердеги дипломатиялык мекемелеринин башчыларына 23-апрелден баштап Украинанын аскерге жарактуу курактагы бардык жарандарына кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууну талап кылган документ жөнөткөнүн жазган. Анда Украинага кайтуу тууралуу күбөлүктү толтурууга гана уруксат болору белгиленген. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба чет мамлекетте жүргөн аскердик курактагы эркектерге консулдук кызматтарды көрсөтүү токтотулганын тастыктаган.
Украинанын "Страна" басылмасы 24-апрелде өлкөнүн министрлер кабинетинин аскерге барууга милдетүү деп саналган жарандары чет мамлекеттерде ички жана эл аралык паспортторду ала алышпай турган токтомун жарыялаган.
"Зеленскийде муктаждык өтө чоң болгондуктан ал эң катаал жолдорго да барууга даяр. Киевдик режим 1-июндан баштап башка өлкөлөрдө жүргөн 18 жаштан 60 жашка чейинки украиналык эркектердин бардыгынын эл аралык паспорттору менен айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулугун токтотууга даяр. Зеленскийге азыр Евробиримдиктин "макул" дегени гана керек болуп жатат. Украиналык дипломаттар бул демилге боюнча ушул тапта Евробиримдик ичинде активдүү иш жүргүзүшүүдө. Биримдик азырынча буга каршы. Европалык лидерлер өздөрүнүн аймактарында мыйзамсыз миграция күч алышынан, украиналык качкындар тарабынан зомбулуктардын болушунан чочулап турушат", – деген Азаров өзүнүн Telegram каналында.
Анын айтымында, документ берүүлөрдү жана консулдук кызматтарды көрсөтүүнү токтотуу киевдик режимге өздөрү каалаган жыйынтыкты берген жок. Экс-премьер 22-апрелден тартып аскердик курактагы болгону 50 эркек киши өлкөгө кайтып келгенин белгилеген.
"Кызык, шайлоодо добуштарын Зеленскийге берген 73 пайыз украиналыктар азыр өздөрүн кандай сезип жатышат экен? Аларга жогорудагы режим неонацисттик жана элге каршы иштей тургандыгына дагы кандай далилдер керек?! Бул режимди эбак эле алмаштырыш керек болчу", – деген ал.
Американын New York Times гезити буга чейин аскерге бара турган курактагы эркектерге чет өлкөлөрдө консулдук кызматтарды көрсөтүүнү токтотуу Украинадагы жарандар менен чет мамлекеттерде жүргөн жарандарынын ортосундагы келишпестиктерди жаратышы мүмкүн экенин, бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарына аскерлерди тартууну көбөйтүүгө таасир бере албай турганын жазган.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Венгриянын ТИМи: НАТОнун аскерлерин Украинага жөнөтүүгө жол берилбеши керек
Жаңылыктар түрмөгү
0