Бишкекте 19-майда One Run жарым марафону өтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖарым марафондун катышчуулары. Архив
Жарым марафондун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
Ал күнкүгө Россия, Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстанда да ушундай эле жарыш пландалган.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкекте 19-майда өтө турган One Run жарым марафонуна эки миңдей адам катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал күнү Россия, Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстанда да ушундай эле жарыш пландалган.
Спорт сүйүүчүлөр үчүн 5, 10 жана 21,1 чакырымдык аралык каралган. Ошондой эле кичинекей балдар да бир чакырымга чуркашат.
Ал эми маршрут шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу өтөрү белгиленди.
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Мыктыбек Оролбай уулу Элвес Бренерди ишенимдүү жеңди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0