Садыр Жапаров Ошту өнүктүрүү планы менен таанышты

© Sputnik / Эмиль СадыровОш шаарынын көрүнүшү. Архив
Ош шаарынын көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
Мамлекет башчысына облусту жана шаарды өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет жетекчисине Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөн кеңешмеде аймакты таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо, көп батирлүү ипотекалык үйлөрдү тургузуу, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.
Муну менен катар президент Кара-Суу районундагы "Туратали" базарын мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча аткарылган иштер тууралуу да кабар алды.
Жапаров тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, президенттин администрациясына отчеттук маалыматтарды үзгүлтүксүз берип туруу зарылдыгын эскертти.
Президент Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын капсуласын салды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Президент Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын капсуласын салды
Жаңылыктар түрмөгү
0