Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турдубекова: социалдык кызматкерлер көбөйсө, зомбулук азаят

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова
Балдардын укугун коргоочулар лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова балдарга жасалган зордук-зомбулукту кыскартуу үчүн социалдык кызматкерлердин ишин күчтөндүрүү керектигин айтты.
Кыргызстанда 30 жылдын ичинде бир да социалдык кызматкер даярдалган эмес. Бул тууралуу Назгүл Турдубекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Турдубекова: социалдык кызматкерлер көбөйсө, зомбулук азаят
Анын айтымында, балдар укугу боюнча алгач укук коргоо органдарына кайрылганыбыз туура эмес. Башка арга жок, эч кандай чара колдонулбай калганда гана милицияга кайрылуу керек.
"Бизде үй-бүлө институту ушунчалык алсырап калган, тез арада балдарды коргой турган 1000ге жакын атайын социалдык кызматкерлерди ишке киргизмейинче өзгөрүү болбойт. Мурда "укук коргоо органдары зордук-зомбулук болуп жатса да карабайт" деп милиция кызматкерлерине гана басым жасачубуз. Азыр арыз түшөрү менен дароо барып, зордукчуну камап, иретке алып келишүүдө. Бирок ошол эле учурда зомбулук азайбай жатат. Бир гана укук коргоо органдарынын күчү менен зомбулукту баса албайбыз. Себеби бул көйгөйдү адам жаратууда. Ошол себептен адамдын көз карашын, жүрүм-турумун оңдоо үчүн сөзсүз түрдө социалдык кызматкерлер керек. Бизде бул кызматкерлер сотко барып, көбүнчө кагаз жүзүндө иштешет. Кыйналган үй-бүлөлөргө кол сунуп, аз камсыз же каттоодогу бүлөлөр менен иштешүү керек. Зордук-зомбулук болгондо милицияга кайрылып жазалоо чараларынын тегерегинде гана ызы-чуу кылбай, алдын алуу жагын да иштеп чыгуу зарыл. Муну менен катар фостердик үй-бүлөлөрдүн маанисин да көтөрүү маанилүү" , — деди Турдукулова.
Ал кээ бир мамлекеттер үй-бүлө баалуулуктарын сактоо үчүн фостердик үй-бүлөлөрдү жана социалдык кызматкерлердин санын көбөйткөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0