Россия коркутпайт, бирок... Элчи Антонов өзөктүк машыгуулар боюнча эскертти

© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүРоссиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Архив
Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
Батыш саясатчыларынын Украинага аскер жөнөтүү ниети тууралуу билдирүүлөрү Россиянын бир топ олуттуу чечимдерди кабыл алышын шарттап жатат.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россия "жамааттык Батыштын бетпак саясаты менен улуттук кооптуулукка келтирген опсуз коркунучуна" жооп иретинде өзөктүк машыгууларды өткөргөнгө мажбур. Бул пикирин Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Биз эч кимди коркутпайбыз. Бирок Вашингтон менен Европадагы жандоочулары алардын обу жок опузага алдырып бара жаткан стратегиясы чектен чыгып кетсе Россия суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүн сактап-коргоо үчүн бардык каражаттарды колдонорун түшүнүшү керек", — деген дипломат.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эмне үчүн ракеталарды колдонуу менен машыгууларды өткөрүү пландалып жатканын түшүндүргөн. Ал аталган иш-чаралар Батыш саясатчыларынын Украинага аскер жөнөтүү ниети тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу экенин белгилеген.
Владимир Путин стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгуусун өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Путин стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгуусун өткөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0