Путин: Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүүдөн качпайбыз. Видео

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
Россия ишенимдүү жана чыныгы өнөктөш катары көргөн бардык тараптар менен ынак мамилени чыңдоого ачык.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Батыш өлкөлөрү кызматташуу жолдорун издеп, Россиянын өнүгүүсүнө тоскоол болбосо Москва алар менен диалогдон баш тартпайт. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин инаугурация учурунда айтты.
"Биз Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүүдөн качпайбыз, баш тартпайбыз. Россиянын мындан аркы өнүгүшүн токтотууга аракет кылуусун, агрессиялык саясатты, биздин мамлекетке жылдап жасап келе жаткан кысымын улантууну же кызматташуу, кепке келүүгө умтулар-умтулбасын өздөрү чечсин", — деди Путин.
Путиндин айтымында, ЕАЭБдеги өнөктөштөрү жана башка суверендүү өнүктүрүү борборлору менен бирге Россия көп полярдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу боюнча ишти улантат. Ал Россия ишенимдүү жана чыныгы өнөктөш катары көргөн бардык өлкөлөр менен ынак мамилени чыңдоого ачык экенин белгиледи.
Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы Кремлде өттү. Бул — Путиндин саясий карьерасындагы бешинчи ант берүү аземи. Эми ал Россияны 2030-жылга чейин жетектейт.
Евробиримдиктин күйүп жаткан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
ЖМК: Путиндин инаугурациясына катышуу маселеси Евробиримдикте ажырым жаратты
Жаңылыктар түрмөгү
0