Садыр Жапаров Москвага барды. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров ЕАЭБ саммитине, Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барды
Садыр Жапаров ЕАЭБ саммитине, Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
Мамлекет башчыны "Внуково-2" эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алган.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Садыр Жапаров ЕАЭБдин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мамлекет башчыны "Внуково-2" эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алган.
"8-майда Москвада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тарта Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 10 жылдыгына арналган юбилейлик жыйын болот. Эртеси, 9-майда, Жеңиш парады өтүп, Садыр Жапаров эки иш-чарага тең катышат", — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына автожүрүш өттү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына автожүрүш өттү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0