БУУ Израилди Рафахта элди эвакуациялоодо бардык нормаларды бузду деп айыптады

© AFP / -Палестинцы во время эвакуации из Рафаха
Палестинцы во время эвакуации из Рафаха - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Элге алдын ала эскертүү берилбегени, качкындарды кабыл алуу үчүн инфраструктура каралбаганы айтылды.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. БУУ Израилди Рафахтагы операция маалында жай тургундарды эвакуациялоого байланыштуу эл аралык укуктун бардык нормаларын бузду деп айыптады. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун маалымат катчысы Йенс Лаерке Женевадагы брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
Бюронун билдирүүсүнө ылайык, элге алдын ала эскертүү берилбей, эвакуациялануучу жолдор кооптуу болуп, бара турган аймакта качкындарды кабыл алуу үчүн инфраструктура каралган эмес.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Рафахтагы операциясы гуманитардык апаатка айланарын белгиледи.
"Газанын түштүгүндөгү Рафах тилкесинде 1,5 миллиондон ашык жаран топтолгон. Албетте, бул гуманитардык апаат болот. Бомбалоодон, израилдик аскерлердин аракеттеринен алар кайда качат?" — деген Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов.
Буга чейин Израилдин коргонуу күчтөрү 1,5 миллионго жакын палестиналык жашаган Газанын түштүгүндөгү Рафахта аскердик операция баштаган. Алар түндүктөн жана анклавдын борбордук бөлүгүнөн качууга аргасыз болушкан. Израилдин премьер-министринин кеңсесинен алынган маалыматка караганда, барымтадагыларды бошотууда ХАМАСка кысым көрсөтүү үчүн Рафахтагы операцияны улантуу чечими кабыл алынган.
Кошумчалай кетсек, Израилдин аскерлери Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат берилген Рафах жана Керем Шалом өткөрмө пунктуларын жапкан.
АКШ жана Израиль желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
ЖМК: АКШ Израилге аскердик жардам берүүнү токтотту
Жаңылыктар түрмөгү
0