Германиянын толук капитуляция болушу. Архивдик видео

Жазылуу
1945-жылдын 8-майында фашисттик Германиянын толук капитуляция болушу туурасында актыга кол коюлган.
Алгач Үчүнчү рейхтин жетекчилиги Гитлер өз жанын кыйгандан кийин АКШ менен Улуу Британияга багынууга шашылды. Актыга 7-майда Эйзенхауэр штабында кол коюлган. Бирок СССРге бул иш-чаранын кээ бир учурлары менен анын орду жаккан эмес.
"Реймстеги кол коюлган келишимди жок кылууга да, таанууга да болбойт", — деп белгилеген Иосиф Сталин Черчилль менен Трумэнге жөнөткөн телеграммасында.
Германиянын атынан актыга генерал-фельдмаршал Кейтель, авиациянын генерал-полковниги Штумпф, флоттун адмиралы фон Фридебург кол койгон. Капитуляцияны СССРдин атынан маршал Георгий Жуков, Улуу Британиядан авиация маршалы Артур Теддер, АКШдан генерал Карл Спаатс, Франциядан генерал Жан де Латр де Тассиньи кабыл алышкан.
8-майда Германия Борбордук Европанын убактысы боюнча саат 22:43тө СССРге багынып берген. Германия капитуляция болгону туурасында Москвага 1945-жылдын 9-майында түндө жарыялашты. Сталиндин буйругу менен миңдеген куралдан жеңиштин урматына салют атылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0