Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Молдалиева: көк жөтөл дартын алдын алууга эмдөө жардам берет

© Sputnik / Асылбек БактыбековРеспубликалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева
Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева борбордо балдар арасында кызамык менен катар көк жөтөл оорусу да көп катталып жатканын айтты.
Көк жөтөл күчөп отуруп адам эсин жоготконго чейин жетет. Мунун да бир нече этабы бар. Бул тууралуу Нургүл Молдалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Молдалиева: көк жөтөл дартын алдын алууга эмдөө жардам берет
Анын айтымында, көк жөтөлдүн инкубациялык же жашыруун мезгили орточо эсеп менен 9 күндөн 15 күнгө чейин созулат.
"Бизде бир сутканын ичинде 300гө жакын бейтап кабыл алынат. Көбү кызамык жана көк жөтөл менен ооругандар. Азыр 78 бейтап стационардык дарылоодон өтүүдө. Ал эми экөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Статистиканы карасак, бул оору боюнча 2023-жылдын 9 айында эле 1 708 учур болуптур. Ал эми 2022-жылы болгону 52 учур катталган. Барган сайын бейтаптардын саны да кескин көбөйүп жатат. Бул негизинен эмдөө менен байланыштуу. Пандемия маалында көп ымыркайлар вакцина албай калган. Көк жөтөл — бул балдардын катуу кармаган жугуштуу оорусу. Анткен менен чоң адамдар да оорушу мүмкүн. Ал аба аркылуу жугат. Инкубациялык этаптан өткөн соң дене табы 37,5 же 37,8ге чейин көтөрүлүп, бала чыргоолонуп, алы кетип, мурду бүтүп, бир аз жөтөлөт. Бул оорунун табияты боюнча, бейтап катуу ооруп жатса дене табы өтө көтөрүлбөйт. Какылдаган кургак жөтөл бара-бара күчөп, айрыкча түнкүсүн бала уктай албай кыйналат. Айрым учурда эс-учун жоготуп коёт", — деди Молдалиева.
Ал ооруну алдын алуу үчүн балдарды эмдөөдөн өткөрүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0