"Өчпөс полк" жүрүшүнүн токтотулушу. ИИМ түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Өчпөс полк" акциясы. Архив
Бишкектеги Өчпөс полк акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Жеңиш күнүнө карата башка иш-чаралар пландалгандай өтөт.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстандагы "Өчпөс полк" жөө жүрүшүн токтотуу чечими өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы ыкчам кырдаалды талдап чыккандан кийин кабыл алынганын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим мүмкүн болуучу провокацияларды жана терактыларды алдын алуу максатында кабыл алынган.
"Өчпөс полктун" массалык жүрүштөрү көп күч-аракетти, акчаны жана көңүл бурууну талап кылат. Маршрут дагы абдан узун", — деди Исмаилов.
Ал элден коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Ички иштер министрлигинин өкүлү чектөө "Өчпөс полкко" гана тиешелүү экенин, Жеңиш күнүнө карата башка иш-чаралар пландалгандай өтөрүн түшүндүрдү.
Эске сала кетсек, "Өчпөс полк" жүрүшү токтотулганы 1-майда белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги эл көп чогулган жерлерде кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды көрүп жатканын билдирди.
Өткөн жылы Бишкекте өткөн "Өчпөс полк" жүрүшүнө 50 миңден ашуун адам катышкан.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына автожүрүш өттү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына автожүрүш өттү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0