Садыр Жапаров: Кыргызстан евразиялык интеграциянын оң натыйжасын сезүүдө

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент Садыр Жапаров ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде
Президент Садыр Жапаров ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
ЕАЭБге киргенден бери республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 миллиард доллардан 15,7 миллиард долларга чейин өскөн.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан евразиялык интеграциянын оң натыйжасын сезүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде айтты.

"Биримдикте болуу менен биз макроэкономикалык туруктуулукту сактап, аймактагы азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздай алдык. Жумушсуздукту азайтып, өндүрүштүн туруктуулугун, өсүшүн арттырып, жаңы рынокторго чыктык", — деди президент.

Ал ЕАЭБге киргенден бери республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 миллиард доллардан 15,7 миллиард долларга чейин өсүп, 2,8 эсеге көтөрүлгөнүн айтты. Экспорттун көлөмү 2,2, импорт 2,9 эсеге өскөн.
"Евразиялык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тоскоолдуксуз бирдиктүү рыногун, энергия булактарынын жалпы рынокторун түзүү, эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп келген жана болуп кала берет", — деди мамлекет башчы.
Жапаров Кыргызстан биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана достук мамилелерди чыңдоо боюнча жигердүү иш алып барууга даяр экенин кошумчалады.
Беларусь президенти Александр Лукашенко ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Лукашенко ЕАЭБди Африка менен жигердүү иш алып барууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0