Абитуриенттер үчүн ЖРТ тапшыруу убактысы белгилүү болду

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КРЖРТ тапшыруу. Архив
ЖРТ тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин "Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндө" №693\1 буйругу бекиди. Анда жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталары айтылган.
18-майдан 25-июнга чейин ЖРТны өткөрүү мезгили деп белгиленип, төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
I этап — 18, 19, 20-майда;
II этап — 22, 23, 24-майда;
III этап — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда.
Ал эми 17-май, 21-май, 20-июнда тест борборлору даярдалат. Бул күндөрү каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Окуган студент. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Этникалык кыргыздарга ЖОЖдордон 75 орун бөлүндү. Тапшыруунун шарт-талабы
Жаңылыктар түрмөгү
0