Министрлик гиластын зыянкечтери менен күрөшүүнүн жолун айтты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүБактын бутагында гилас. Архив
Бактын бутагында гилас. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Мекеме гиластын зыянкечтери жана оорулары өсүмдүк бити жана кенелери, кластероспороз, коккомикоз же кызыл күрөң тактар экенин белгилеген.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги гилас (черешня) өстүрүү боюнча тиешелүү кеңештерди сунуштады.
"Алдыда Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде гилас өстүрүү жана аны экспортко чыгаруу боюнча иштер турат. Буга байланыштуу таза органикалык гиласты өстүрүү үчүн ооруларына жана зыянкечтерине каршы биологиялык каражаттарды колдонууну сунуштайбыз", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме гиластын зыянкечтери жана оорулары – өсүмдүк бити жана кенелери (андан калган аскохитоздук тактар), кластероспороз (тешикче тактары), коккомикоз же кызыл күрөң тактар экенин белгилеген.
Бул көйгөйлөр менен күрөшүүгө төмөнкүдөй ыкмалар сунушталат.
Биологиялык энтомофаг ыкмасы алтын көз жана амблесейус энтомофагдары менен ишке ашат. Ал эми грибок ооруларына триходермин деп аталган биологиялык препаратты колдонсо болот.
"Вегетация учурунда триходермин биопрепаратын үч жолу колодонуу шарт. Алтын көз жана амблесейус энтомофагдарын зыянкечтер пайда болгон учурда колдонуу керек. Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн биологиялык каражаттарды өндүрүүдө", — дешти министрликтен.
Жаздык үрөндөр менен камсыздоо, айыл чарба техникаларын лизингге берүү иши кандай жүрдү? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жаздык үрөндөр менен камсыздоо, айыл чарба техникаларын лизингге берүү иши кандай жүрдү?
Жаңылыктар түрмөгү
0