Жеңиш күнүн жана совет элинин эрдигин унуттуруу. Нацизмди баш көтөртчү калпыс кадам

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЭкинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун эстелигине коюлган гүлдөр. Архив
Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун эстелигине коюлган гүлдөр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш Борбор Азия элдери үчүн ажырагыс биримдик менен совет элинин таң калычтуу эрдигинин символу болуп кала берет. Ал муундан-муунга өтүшү керек дейт Sputnik баяндамачысы.
Фашизмди жеңүү — адамзаттын тарыхындагы өтө орчундуу окуялардын бири. Ал убакта адам баласы кооптуу идеологиядан биротоло арылып, анын кайтып келүүсүнө эч качан жол берилбестей болгон. Согуштан кийинки дүйнө түзүлүшү нацизмдин эми баш көтөрбөй турарынын кепилдиги эле. Бирок 1991-жылы эки полярдуу дүйнө кыйраган соң Батыш "түстүү революциялардан" тарта эл аралык террорчулукка чейин колдонуп, дүйнөгө үстөмдүгүн орнотууга болгон күчүн жумшады.
XXI кылымдын биринчи декадасы нацизмге экинчи мүмкүнчүлүк берген мезгил катары тарыхта калат: Украина бир өлкөнүн алкагында нацисттик идеологияны жандантуу эле эмес, бүтүндөй Улуу Ата Мекендик согуш тарыхын бурмалоо жана жок кылуу боюнча Батыштын ири долбооруна айланды. Аскердик операция башталганга чейин эле анын Украина менен Россия элдеринин маданий-тарыхый байланышын үзүүгө багытталганы түшүнүктүү болчу.
Жакындан тарта ушундай эле долбоорду Борбор Азияда да ишке ашыруу аракеттери байкала баштады. Максаты бир — алгач өткөн чакты бурмалап, жаш муун алдында анын маани-маңызын жоготуп, "туура тарыхты" таңуулап, андан кийин БА менен Россияны байланыштырган нерсенин баарына кас көз карашты калыптандыруу.
Батыш лидерлеринин баамында Экинчи дүйнөлүк согуш "тарыхынын туура версиясында" СССР фашисттик Германия менен бир эле катарда турган, коммунизм да тоталитардык түзүлүш болуп, өлкө элинин баары "абакта" жашагандыктан СССРдин жеңишинин мааниси анчалык терең эмес. Ал эми "чыныгы жеңүүчүлөр" делген антигитлердик коалициянын Батыштагы өлкөлөрү дүйнөгө "демократия, эркиндик жана экономикалык гүлдөп-өсүүнү" тартуулаган.
Мындай көз караштан улам СССР элинин кырылышы менен Ленинград блокадасын геноцид деп тааныбай (анткени бул жерде совет эли өлүп жатат), бирок Холокосттун курмандыктарын дайым эскерип, муну менен бирге Освенцим, Заксенхаузен, Равенсбрюк жана башка көптөгөн концлагерлерь туткундарын бошотуудагы советтик жоокерлердин эмгегин айтып туруу керек. Бүгүнкү күндө батыш коомчулугу Чыгыш Европада, Прибалтика менен Украинада советтик жоокерлерге арналып тургузулган эстеликтердин жок кылынып, фашизмди жеңүү үчүн өмүрүн бергендердин жаткан жайы тебеленип жатканына кабагым-кашым деп койбойт. Нацизмдин даңазаланышына каршы күрөшүү боюнча Россия сунуштаган БУУ резолюциясын колдоодон мурунку антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттер менен жеңилген өлкөлөрдүн баш тартышы бул күрөш аягына чыга электигин тастыктады.
Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик параддын алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Путин Ата Мекендик согуштагы СССР элдеринин эрдиги тууралуу айтты

Тыюу салынган сыймык

Акыркы убакта Улуу Жеңишти майрамдоого бир-эки ай калганда эмнегедир маалымат айдыңында либералдуу блогерлердин "акылдуу маектери" чыга баштачу болду. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштун Борбор Азия элдери үчүн кандай мааниге ээ экенин, калыптанып калган көз карашка карама-каршы келсе да эмне себептен "жеке пикири" болушу керектигин түшүндүрүшүүдө.
Мисалы, "тарыхты билген" кыз-жигиттер Жеңиш күнүн майрамдоонун эч кандай зарылдыгы жок экенин, бул дата улуу муунга тиешелүү экенин, Жеңиштин символдорун да колдонуу туура эмес экенин айтып жатышат. Согуш бул трагедия болгондуктан аны менен сыймыктанууга болбой турганын, үйдө, жакындардын курчоосунда акырын гана эстеп коюу жетиштүү экенин саймедирешүүдө. Мындайда совет эли согушта жеңбей эле жеңилип калгандай элес калат. Батыштын да көздөгөнү дал ушул — дүйнөнү өзгөрткөн тарыхый окуялардын баасы жоголо турган бөтөн, өзгө идеяларды мээге сиңирүү.
Батыш Борбор Азия элдери ата-бабаларынын арбагына чоң сый-урмат менен мамиле жасап келерин такыр эске албай келет. Ушул себептен деле региондун калкы ардагерлерин эскерип эле тим болбой, дайым алар менен сыймыктанып да келишет. БА мамлекеттеринде эстелик тепсендиде калбайт, ал эми советтик жоокерлердин бейитине дегеле эч ким тийбейт. Муну ишенимдүү айтууга болот.
Улуу Ата Мекендик согуш Борбор Азия мамлекеттери үчүн ажырагыс биримдик менен совет элинин таң калычтуу эрдигинин символу болуп кала берет. Ал муундан-муунга өтүшү керек. "Өчпөс полк" акциясы региондо катуу колдоого алынганы бекер эмес, ал эми Кыргызстанда бул жүрүш акыркы жылдары өтө көп санда өттү.
Жеңиш күнүн утурлай Москвадагы Преклонная тоосунда атайын операция учурунда олжолонгон НАТО техникасынын көргөзмөсү ачылды. Ачык асман алдындагы бул тарых сабактары Россияга каршы согушуунун бекердиги тууралуу чындыкты дагы бир ирет ачыктады. Нацизмдин бардык түрүн калыбына келтирүүгө да болбойт, анткени тыш жактан колдоо болбосо мындай идеяны бир өлкө ичинде ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Азыр дүйнө көңүлү Россияга бурулуп турат. Ал эми Кызыл аянтта өткөн Жеңиш парады — россиялыктардын жана постсоветтик өлкөлөрдөгү элдердин бир нече мууну үчүн актык, адилетүүлүк кара ниеттикти акыры жеңерин далилдеген чоң салтанат. Россия бул ыйык салтты канчалык узак сактаса, Улуу Жеңиш күнү да ошончолук кызуу майрамдалып, совет элинин эрдиги түбөлүк унутулбайт.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик парады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Путин: Россия глобалдык тирешти болтурбоого бар күчүн жумшайт
Жаңылыктар түрмөгү
0