ТЭЦтеги жарылуудан жабыркаган эки бейтап Түркиядан Бишкекке алып келинди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОоруканада жаткан бейтап. Архив
Ооруканада жаткан бейтап. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. ТЭЦтеги жарылуудан жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан эки кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтаптар учурда Бишкектеги Тез жардам ооруканасында. Эми алар Курортология жана калыбына келтирип дарылоочу илим-изилдөө институтуна которулмакчы.
"Учурда алардын абалы туруктуу, бирок алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат", — деп жазылат билдирмеде.
Эске салсак, февралда ТЭЦтеги жарылуудан жана тик учактын кулашынан жаракат алган кыргызстандыктар президенттик борт менен Түркияга жеткирилген. Апрелдин соңунда учкуч дарыланып өлкөгө кайтып келгенин Коргоо министрлиги кабарлаган.
ЛОР-дарыгерлер 7 баланын кулагына уникалдуу операция жасады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
ЛОР-дарыгерлер 7 баланын кулагына уникалдуу операция жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0