Пострадавшим от землетрясения жителям сел Иссык-Кульской области в среду, 26 ноября, отправили гуманитарный груз

Оторбаев: бул акыркы жардам эмес, дагы чогултулат

27
(жаңыланган 13:44 06.12.2014)
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жөнөтүлүп жаткан жардам боюнча журналисттерге маалымат берди.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Кошумча гуманитардык жардамдын чогултулушу мүмкүн экендигин премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкө аймагынан чогултулган жардамды Ысык-Көл облусуна жөнөтүп жатып билдирди. 

Чүй, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Бишкек жана Ош шаарынын тургундары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү гуманитардык жардамга каражат которушкан.

"Бюджеттик эмес каражаттын 50 миллион сому жабыр тарткан аймактын тургундарына бөлүнөт. Атайын комиссия бул каражатты бөлүштүрүлөт. Ал үчүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү жеке жоопкер болот. Бүгүн жөнөтүлгөн жардам калктын кыйын учурда бир-бирин колдоп турарын дагы бир жолу айгинеледи", — деди премьер-министр.

Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган Ысык-Көл облусуна Ош облусу – 713 миң сомдук жардам, Жалал-Абад – 700 миң сомдук жардам, Баткен облусу – 240 миң сомдук жардам, Чүй облусу – 860 миң сомдук жардам, Нарын облусу – 300 миң, Талас облусу – 400 миң жана Бишкек шаары 670 миң сомдук жардам жөнөткөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баасы 815 миң сомдон ашык гигиеналык каражаттар менен жылуу төшөктөрдү берген. 

Белгилей кетсек, ноябрь айынын ортосунда Ысык-Көл облусунда жер титиреп, анда бир нече турак жай жабыркаган эле.

Жабыр тарткан аймакка депутаттар да айлыгынан каражат бөлүү маселесин карашууда.


27
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив

Акжол, Мээрим, Үзүр. Кыргызстандык балбандардын алгачкы атаандаштары аныкталды

105
(жаңыланган 13:04 01.08.2021)
Бүгүн кыргызстандык балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча 2-августта килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Акжол Махмудов Тунистин балбаны Ламджед Маафи менен кармашат.

68 килограмм салмак категориясы боюнча Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христова менен күрөшөт. Анын атаандашы 28 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.

97 килограмм салмак категориясы боюнча Үзүр Жузупбеков армениялык Артур Алексанян менен беттешет. Ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2016-жылкы Олимпиаданын чемпиону.

105
Белгилер:
Олимпиада-2020, күрөш, балбан, чучу кулак
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада 6-орунду ээледи. Видео
Шашып кетти. Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыга албай калды
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

7
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

7
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди
Мамбетов Алмаз Ишенбекович

Мамбетов Алмаз Ишенбекович өмүр баяны

0
Алмаз Мамбетов 1976-жылдын 15-мартында борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.

Билими:

  • 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. Кийин КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинен билим алган.

Эмгек жолу:

  • 2000-2002 — Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт;
  • 2002-2003 — Туризм менен спорт боюнча мамлекеттик комитетте байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004-2007 — Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;
  • 2008-2010 — "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында алгач адис, кийинчерээк башкы адис;
  • 2011 — Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2011-2014 — "Транс-Кыргызгаз Паплайн" компаниясынын филиалында PR-адис;
  • 2014 -2019 — Балыкчы шаарынын мэри;
  • 2019-2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  • 2020-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгынын башчысы.
0
Белгилер:
Алмаз Мамбетов, Өмүр баяны, билим, таржымал
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине төрага болгон Кубанычбек Конгантиевдин өмүр баяны