Улуттук илимдер академиясы аны каржылоонун сакталышын сунуштайт

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүАкадемия наук, город Фрунзе
Академия наук, город Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын (УИА) илимпоздору Кыргызстандагы илим тармагын реформалоону ишке ашырууда өкмөттөн академиянын Жалпы жыйынынын сунуштарын жана өтүнүчтөрүн эске алууну суранат.

Өкмөттө иштеген катчы кыз илимдин докторунан көп айлык алат
БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, шаршембиде, 17-декабрда, жасаган өз докладында, берилип жаткан сунуштар КРде илим тармагын реформалоо концепциясынын долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында илимпоздор менен биргеликте кабыл алынганын белгиледи.

Белгилей кетсек, 17-декабрда Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйыны болуп, анда илимпоздор илим тармагында реформанын концепциясын ишке ашырууда өз сунуштарын берди.

Белгилей кетсек, күзүндө Улуттук илимдер академиясынын жоюп анын милдетин Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайларына берүү боюнча президенттин мыйзам долбоору даярдалган.

Эркебаев илим тармагын реформалоо мөөнөтү эбак эле бышып жетилгенин билдирип, мындай реформа илим тармагын жакшы түшүнгөн кишилер тарабынан жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

"Реформа жүргүзүүнүн алкагында УИА тарабынан жасалган маанилүү кадамдардын бири – башкаруучу аппараттын санын кыскартуу сунушу болду. Ошондой эле, академиянын бардык түзүмдөрүндөгү бөлүмдөр кыскартылып, кээ бирлери бириктирилет", — деди ал.

Жалпысынан 20дан ашык институтту 7 институтка бириктирүү каралууда.

Жалпы жыйындын катышуучулары өкмөттүн УИА тарабынан берилген бул сунуштарды илим тармагындагы реформаларды ишке ашырууда эске алуусун суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0