Балыкчы менен Исфана шаарларынын мэри 2015-жылдын 6-январында шайланат

© Фото / kudinov_dmГород Балыкчы
Город Балыкчы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комитетинин чечимине ылайык, Балыкчы менен Исфана шаарларынын мэрин шайлоо 2015-жылдын 6-январында болот.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Балыкчы менен Исфана шаарларын мэрин шайлоо келерки жылдын 6-январына белгиленди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Боршайкомдун бейшемби күнү болгон жыйынында кабыл алынган. Шаар башчылыгына кимдер талапкер экени тууралуу маалымат азырынча жок.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо 2015-жылдын 6-январында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 2014-жылдын 11-декабрындагы буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков, 12-декабрындагы буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри Ташполот Козубаев, өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0