Штендеры с курсами валют

Серепчи: акча алмаштыруу жайларын жабуу 100 миң адамды ишсиз калтырышы мүмкүн

83
(жаңыланган 11:19 26.12.2014)
Акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын өкүлдөрү, серепчилер Кыргызстандын аймагында акча алмаштыруу жайларына тыюу салуу жөнүндө Улуттук банкка сунушталган мыйзам долбоору боюнча өз пикирлери менен бөлүштү.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөнүн аймагында акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгеледи. Банктын билдирүүсүндө мындай чечимге "акча алмаштыруучу менчик жайлардын пайда табууну көздөп сомго жасаган спекулятивдүү аракеттери" себеп болду.

Үстүдөгү жылы эле Улуттук банк республиканын бардык аймактары боюнча акча алмаштыруу жайларынын иштерине миңден ашык текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада аталган жайлардын кардарларды идентификациялоонун жоктугу; акча алмаштырууга байланыштуу жүргүзүлгөн операциялардын анык көлөмүн жаап-жашыруу; Улуттук банкка жалган маалымат берүү, ошондой эле КРнын УБ кызматкерлеринин текшерүүлөрүнө тоскоолдук кылуу сыяктуу мыйзам бузууларга жол бергендиктери аныкталган.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик накталай валюталар менен акча алмаштыруу аракеттерин жүргүзүү укугу каржы-насыя мекемелерине: банктарга, насыя биримдиктерине, адистештирилген каржы-насыя мекемелерине, микро каржылоо жана микро насыялоо компанияларына берилет. Мындай мыйзам кабыл алынса, банк көзөмөлүнүн жана экономиканы жөнгө салуунун жол-жоболору жакшырып, акча алмаштыруу рыногунун катышуучуларынын тартиби жогорулайт деп эсептейт Улуттук банк.

Акча алмаштыруу жайларынын "Альянс" деп аталган ассоциациясында бул демилгени терс кабыл алышты. Анын өз атын атоону каалабаган өкүлдөрүнүн бири Улуттук банк акча алмаштыруу жайларынын ишин токтотууга ушуну менен үчүнчү жолу аракет жасап жатат деди. Акча алмаштыруу жайларын жабуу сунушунан кийин "андан да катуу чаралар" көрүлөт деген шектенүүлөрүн билдиришти ассоциация мүчөлөрү.

"Бул чөйрөдө 100 миңден ашык адам иштейт, 67 миллион сомдон ашык акча салык, пошлина, Соцфондго чегерүү, патент түрүндө төлөнөт. Мен иштеген бир топ жылдан бери биздин ишти токтотууга үчүнчү жолу аракет көрүлүп жатат. Алгач патент 5 миң сом турчу, анан 10 миң, 15 миң болду. Кийин ар бир кызматкер үчүн 1,5 миң сомдон төлөй баштадык. Башында биз жеке ишкана катары ачылчубуз, эми болсо ЖЧК деп эсептелебиз. Биз Улуттук банктын жана мамлекеттик мекемелердин бардык талаптарын аткаруудабыз. Эми биз кайда барып такаларыбызды билбейм", — деди маектеш.

Ассоциацияда Улуттук банктын жетекчиси менен жолугушуу өткөнүн белгилешти. Анын жүрүшүндө ассоциацияга спекуляциялык рынокту жоюу сунушталган. Бирок акча алмаштыруучулар өзүлөрү белгилегендей, аларда спекуляция рыногу деги эле жок. Алар өзүлөрүн кардарлар менен каржы мекемелеринин жана банктардын ортосундагы валютаны алып кайра сатуучу далдалчылар деп эсептешет.

Ошону менен бирге юридикалык тараптардын "Кыргызстандын банктарынын биримдиги" деп аталган бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Sputnikтин кабарчысына аталган демилге боюнча комментарий берип жатып, Улуттук банктын жасаган аракетин түшүнө тургандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, демилге "бардыгы ачык-айкын, көзөмөлдөп жана жөнгө салына тургандай болушу" үчүн валюталык рынокту тартипке келтирүүгө багытталган.

"Рыноктор ассоциациясынын маалыматы боюнча, лицензиясыз иштеп жаткан акча алмаштыруу жайлары көп. Бул демилге андай жайлардын мыйзам бузууга жол бергендиги үчүн көтөрүлүп отурат. Россия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдү мисалга алсак, ал жактарда акча алмаштыруу жайлары банк секторунун карамагында турат. Мен, банк секторунун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш алып баруучу ассоциациянын жетекчиси катары ишеничтүү айта турганым, банктар рынокто, айрыкча чекене соода рыногунда отчёттуулук, лицензиялоо жагынан ачык-айкын иш алып барышат жана өз аракеттерин "Каржылык терроризмге каршы туруу жөнүндө" мыйзамга ылайык жүргүзүшөт. Банктардын кандайдыр бир ээнбаштык кылууга же кырдаалды курчутууга болгон умтулууларын мен байкаган эмесмин", — деп ой бөлүштү серепчи.

Коммерциялык банктардын монополиясы доллар менен евронун арзандашына алып келбейт деп эсептейт Кыргызстандын рыноктор, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясына төрагалык кылуучу Сергей Пономарев. Ал акча алмаштыруу жайларынын жоюлушун жактабай турганын билдирди.

"Эгер акча алмаштыруу жайларын жоё турган болсок, алар улуттук валютаны 17 пайызга төмөндөткөн фактор экендигин моюнга алган болобуз. Ал эми валюта баары бир түшмөк. Кеп акча алмаштыруучу жайлар спекуляцияга алдырып койгонунда, бирок бул маселени башкача чечүү керек. Айрым акча алмаштыруу жайларына өз ишин мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берип, бул процессти жөнөкөйлөтүү зарыл", — деп эсептейт Пономарев.

Ассоциация башчысынын айтымында, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамды жөндөштүрүү керек.

"Мисалы, мындай окуя: биз Байтик Баатыр көчөсүндөгү акча алмаштырчу жерлердин бардык дейли. Доллар алайын десем, доллар жок. Бирок ал жайдын сыртында валюта сатып алабыз жана сатабыз деп жазылып турат. Мындай жол менен алар спекулятивдүү кырдаалды түзүп, керектөөчүлөрдүн укугун бузуп жатышат. Дал ушундай учурларга карата Улуттук банк менен мамлекеттик органдар чара көрүүлөрү керек. Ошондой эле акчаны алып кайра сатуудагы айырма (маржа) да жөнгө салынышы керек. Мисалы, ал кээде 50 тыйын болсо, кээде 1 сомго чыгып кетет. Бул, албетте, баарын кыжырлантат. Ошон үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек", — деп белгиледи Пономарев.

Акча алмаштыруу жайларынын мыйзамсыз иш-аракеттери жана валюта рыногундагы спекуляциялар жөнүндө айтып жатып, серепчи "Альянс" ассоциациясы каржы рыногунда валюта сатып алууга мүмкүндүк берүүнү жана аны кайра сатууда милдеттемелерди орнотууну Улуттук банкка сунуш кылууну демилгелеп жатканын баса белгиледи.

"Ошентип, эгер акча алмаштыруучулардын кимдир бири аталган ассоциация өз мойнуна алган милдеттемени буза турган болсо, аны ассоциациядан чыгарып, доомат коюп жана кандайдыр бир айып төлөттүрөт. Эгер коммерциялык банктардын атаандаштары жок болсо, алар өз ара келишип алып, мындан да амалдуу спекуляцияларга барбайт деп ким кепилдик берет? Мен алдын ала күнөө койгум келбейт, бирок атаандаштык дайыма монополиядан артык болот", — деп бүтүрдү сөзүн Пономарев.

Акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясында "рынокто спекуляция" жүргүзүп жаткан мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайларга карата катуу чаралар көрүлүп, административдик айыптар жогорулатылышы керек деп эсептешет. Ал эми акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө Улуттук банкка сунушталган мыйзам долбоорун парламенттин депутаттары жаңы жылда карамакчы.

83
Белгилер:
Акча алмаштыруу жайлар, Пономарев, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндөгү демилге (8)
Тема боюнча
Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларды бардыгын жабуу демилгесин көтөрдү
Улуттук банк элге долларды сатууга чектөө киргизген эмес
ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии

УКМК: Абхазиядан унааларды мыйзамсыз ташуу схемасы аныкталды

21
(жаңыланган 17:43 14.06.2021)
9-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Volvo унаасы менен жүргүнчү ташыган сегиз автоунааны ташып келе жаткан Кыргызстандын И.Т.К. аттуу жараны кармалган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Маалыматка караганда, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыш белгилери боюнча иликтөө жүргүзүлгөн
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Жүк ташуучу унаа сегиз автоунаасы менен айып короого киргизилди
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБдеги Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, бажы жол-жобосун сактабастан Абхазиядан алып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды

Маалыматка караганда, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыш белгилери боюнча иликтөө жүргүзүлгөн.

"9-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Volvo унаасы менен жүргүнчү ташыган сегиз автоунааны ташып келе жаткан Кыргызстандын И.Т.К. аттуу жараны кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылган:

  • Абхазиянын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
  • Абхазиянын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
  • Армениянын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
  • Армениянын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын мамлекеттик жасалма бир номери.

Жүк ташуучу унаа сегиз автоунаасы менен айып короого киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБдеги Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, бажы жол-жобосун сактабастан Абхазиядан алып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.

Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек. Андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

21
Белгилер:
мыйзам, Евразиялык экономикалык биримдик, бажы, Абхазия, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн
Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш

Россиядагы көк бөрү турнирин Москва командасы утуп алды. Сүрөт

25
(жаңыланган 16:46 14.06.2021)
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.

  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команда из Московской области  выигравшая международный турнир по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойноду.

Жарым финалда Подольск командасы "Атуул" (Кыргызстан) менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Ал эми финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутскинин улакчыларын 4:1 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болду.

Мындан тышкары, Москва командасынан Бообек Шекербек уулу турнирдин мыкты оюнчусу, Иркутскинин "Бойка" аттуу аргымагы мыкты ат наамына татыды.

Сыйлоо аземине Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышкан.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аталган турнирге катышуу үчүн 12 улакчыны Москвага жөнөткөн.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурган.

25
Белгилер:
турнир, мелдеш, Көк бөрү, Россия
Тема боюнча
Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт