Мужчина считает деньги

Мамлекеттик Салык кызматы: Кара-Суу районун карызы баарынан көп

(жаңыланган 09:27 30.12.2014)
Мамлекеттик салык кызматы былтыркы жылга салыштырмалуу салыкты 3 милиарддан ашуун сомго көп жыйнаган.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы карыздарлардын айлык тизмесин жарыялады. Аймактар боюнча Кара-Суу районунун казынага бересеси баарыныкынан көп, ал эми шаарлар боюнча Жалал-Абад алдыда турат.

"Тилекке каршы, салык төлөөчүлөрдүн арасында өз милдетин убагында аткарбагандар бар жана КРдин салык кызматы жөнүндө мыйзамына ылайык, алардын карызын төлөтүп алуу боюнча чаралар көрүлөт. Жарыяланган тизмедеги сандар Салык кызматынын 2014-жылдын 1-декабрына туура келет. Кара-Суу районунун карызы 66 миллион 519 миң сомго жеткен жана ал тизмеде биринчи орунда турат. Ал эми Өзгөн районунун карызы эң аз. Тизмеде аталган район боюнча 741 миң 900 сом бересеси бар бир гана ишкер — Кутлугбек Кочкоров көрсөтүлгөн", — деди аталган кызматтын маалымат катчысы Эркин Сазыков.

Салык боюнча ири карызы барлардын тизмесине ылайык, мамлекеттин казынасына дагы төлөнө турган акчанын саны республика боюнча 342 миллион 513 миң 200 сомду түзөт.

Ошондой эле салык боюнча бересеси бар Ак-Суу районундагы —"Жыргалаң шахтасы" ААК (4 млн.342 300 сом) жана Аламүдүн районунда — Суйнуш Габбасова (993 600 сом) катталган.

Жайыл районундагы "КБ Арак заводу" ЖЧКсынын карызы — 4 млн.618 400 сом, ал эми Москва районуна караштуу "Дариха плюс" ЖЧКсы 835 500 сом бересе.

Карыз болгондордун саны дагы эле Кара-Суу районунда көп, тактап айтканда, 16 субъект.

Кыргызстандын шаарларынын ичинен эң чоң карыз Жалал-Абад шаарынын ишканаларына туура келип, 1-декабрга карата 20 млн. 843 900 сомду түздү.

Ал эми карызы аз Ош шаары, бул калаадагы ишканалардын бересе акчасы учурда — 416 200 сом.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын ишканалары казынага 5 млн.790 600 сом жана Балыкчынын ишканалары 7 млн. 368 300 сом салык төлөй элек.

Токмок шаарынын бересеси 8 млн.349 700 сомду түздү.

Акыркы 11 айда Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн бюджетине 37 миллиард 343 миллион сом көлөмүндөгү салыктар менен ар кандай төлөмдөрдүн түшүүсүн камсыз кылды. 2013-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, салык 3 миллиард 684 миллион 700 миң сомго көп жыйналган.

Белгилер:
Бересе, Мамлекеттик салык кызматы, Эркин Сазыков, Балыкчы, Каракол, Жалал-Абад, Ош, Кыргызстан
Бишкек — Тегеран авиакаттамдын учагы. Архив

Министрликте Бишкек Тегеран авиакаттамын жандантуу талкууланды

(жаңыланган 11:11 23.04.2021)
Пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү тууралуу да кеп болгон.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алып, эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын кеп кылышкан.

"Анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүнү жана жакын арада эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле дипломаттар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга жардам берген биргелешкен комитет түзүүнү сүйлөшүшкөн.

Белгилер:
сүйлөшүүлөр, элчи, авиакаттам, ТИМ, Иран, Кыргызстан
Тема боюнча
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт
ЖРТ учурунда окуучу. Архив

ЖРТга аз калды. Тестирлөөгө даярданган бүтүрүүчү кандай ката кетирет?

(жаңыланган 11:13 23.04.2021)
Бир айга жетпеген мезгилден кийин абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Ага даярданууда кандай каталар төмөн балл алууга түртөрүн тестирлөө жүргүзгөн уюмдагылар айтып берди.

Ушул убакта республика боюнча миңдеген бүтүрүүчү маанилүү тестирлөөгө катуу камылга көрүүдө. Ансыз окуу жайлардын көбүнө тапшыруу мүмкүн эмес.

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн уюмдагылар келечекке алгачкы кадам шилтеткен бул сынакка камынууда абитуриенттер кандай катачылыктарды кетирерин айтып беришти.

Кымгуут түшпөңүз!

Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак. Адистер санаага алдырбоого кеңеш беришет, ЖРТ мектеп программасынын алкагындагы тапшырмалардан турат. Эгер сабактарга калтырбай катышып келсеңиз, сизге тест татаал деле болбойт. Ошону менен бирге эле ЖРТга канчалык эрте кунт коюп даярдана баштасаңыз, жыйынтык да ошончолук сезилерлик болот.

Абитуриент перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак

Жадыбалдай жатташтын кажети жок

Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок. Мисалы, “Тилдин практикалык грамматикасы” бөлүмүндө тигил же бул эрежени жатка айтканыңыз эмес, үйрөнгөн тилди иш жүзүндө пайдалана билгениңиз текшерилет. Маселен, сөздөрдү тилдин нормаларына шайкеш колдонуу, сүйлөмдү ылайыктуу сөздөр менен толуктай билүү жана башкалар. Тарых боюнча предметтик тестте тарыхый окуялардын себептери, кесепети жана маанисин түшүнүү маанилүү.

Абитуриенты перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19. 22 июня 2020 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок

Ынан, бирок текшер

Тестирлөө күнү жакындаган сайын абитуриенттердин көбү ЖРТга тез даярдануу ыкмаларын издей баштайт. Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок. Курстарда абитуриенттерди туура эмес багытта даярдап, жалпы республикалык тестирлөөгө эч кандай тиешеси жок тапшырмаларды беришкен учурлар болгон.

Ошол себептен Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар тест тууралуу маалыматты уюмдун сайтынан http://testing.kg/ru/ шилтемеси аркылуу алып, видеосабактарды көрүп, ошондой эле акысыз тесттен өтүүнү сунуштайт. Тестке катталууда абитуриентке тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча кыска маалымат топтолгон акысыз китепче берилет.

Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар ЖРТга даярдыктын чоң бөлүгү — бул өз алдынча иш, маңдай терин төктүргөн жана ырааттуу эмгек. Ошону менен бирге эле майнаптуу жыйынтык үчүн бир айлык “атайын даярдык” курсуна жазылып, өтүп коюу жетишсиз.

Раздача экзаменационного материала перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок

Тесттин эч бир бөлүмү көз жаздымда калбасын

Көптөгөн бүтүрүүчүлөр даярдык маалында тесттин кайсы бир бөлүгүнө басым жасайт. Мисалы, абитуриент өзүн математикада күчтүү деп санап, орус тили боюнча даярдана берет. Натыйжада өзү күчтүү эсептеген дал математикадан аксайт. Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел. Абитуриент негизги тестке катуу даярданып, бирок предметтик бөлүктөрүнө көңүл бөлбөй койгон учурлар да жок эмес. Айрым адистиктерге кабыл алууда жогорку окуу жайлар негизги жана предметтик тесттин жалпы баллын эсепке аларын унуткарбаңыз. Бирок канчалык көп предметтик тестти толтурсаңыз, окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот деген ойдон алыс болуңуз.

Абитуриенты перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел

Жооп баракчасын толтурууну так билбестик

Тесттин өзүнө даярдыктан сырткары жооп баракчасын толтуруу боюнча да машыгып койгон оң. Бул сизге ишенимдүүлүк жана тестте баалуу убакытты үнөмдөөгө көмөкчү болот. Кымгуут жагдайда абитуриент апкаарып, баракты толтурууда ката кетирип алышы ыктымал.

Баракты толтуруунун үлгүсү “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданабыз” деген аталыштагы акысыз брошюрада камтылган.

Тестирлөөнүн администраторлору туура жоопту белгилөөнү көрсөтүп беришет, бирок муну эртерээк үйрөнүп алганыңыз дурус.

Белгилер:
кемчилик, даярдык, борбор, окуу жай, бүтүрүүчү, абитуриент, Жалпы республикалык тестирлөө
Тема боюнча
Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы