Ботулизмден Токмок шаарындагы бир үй-бүлөдөн 5 киши каза болду

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАрхив: торговля соленьями и овощными консервами
Архив: торговля соленьями и овощными консервами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын алгачкы айында эле өлкө боюнча ботулизм боюнча 7 учур катталып, 6 киши каза болду.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын аймагында 6 киши ботулизмден каза болгонун Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ботулизм боюнча 7 учур катталган. Токмоктогу бир үй-бүлөдөн 5 киши каза болсо, Ошто катталган эки учурдан бир киши өлгөн. Дагы 5 киши ооруканага жаткырылган.

Ботулизм оорусу негизинен консерваланган азык-түлүктөн жугат. Жыл башында мындай көрүнүштүн катталышын адистер эл күзүндө жапкан салаттарын Жаңы жылда ачканы менен байланыштырат.

Бул оорудан сактануунун жолу – гигиеналык тазалыкты сактоо. Адистер тамак ичердин алдында колду самындап жууну жана колго жасалып консерваланган азык-түлүктөрдү сатып албоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0