Жайыттарды сактап калуу боюнча коомдук талкуу өткөрүү демилгеленүүдө

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүАрхив: Отара овец
Архив: Отара овец - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы жайыттардын үчтөн биринен көбү дегредация абалында.

БИШКЕК, 14- янв — Sputnik. Жайыттарды сактап калуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири Мирлан Бакировдун айтымында, азыркы мыйзам толуктоого муктаж. 

"Малдын бүгүнкү күндөгү санына карата эсептесек, жайыттан түшкөн каражат аздык кылат. Андан сырткары бүгүнкү күндө жайыттардын 37%ы деградациялык абалда экенин эске алуу менен аларды сактап калуу, ыңгайлаштырып башкаруу, түшкөн каражатты ачык-айкын бөлүштүрүп, натыйжалуу жумшоо максатында мыйзам долбоору иштелип чыккан", — деди Бакиров.

Архив: заготовка сена и зеленой массы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда тоюттун баасы акыркы үч жылда 2 эсе көтөрүлгөн
Сунушталган мыйзам жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке түшүрүүгө багытталган. Азыркы мыйзамдарда каражаттын жергиликтүү бюджетке түшүүсү белгиленгени менен анын өлчөмү каралган эмес. 

Жаңы сунушталып жаткан вариантта жайыттар деградацияга учураса, ага тиешелүү жактардын жоопкерчилиги каралган.

Депутат Кенжебек Бокоев жайыт комитеттерин бүгүнкү күндө эч ким текшере албастыгын айтып, аларды муниципиалдык мекеме формасына өткөрүү зарылдыгын белгиледи. 

Бул жааттагы талаш жараткан дагы бир жагдай — жайыттардын чеги. Эл өкүлдөрү эки облустун, эки райондун ортосунда талаш болгон жайыттар бар экенин айтып, мыйзам долбооруна өз сунуштарын бермей болушту. Бул маселени бышыктап иштеп чыгууга тиешелүү тараптардын катышуусунда коомдук талкуу өткөрүү демилгеси да көтөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0