Вице-премьер-министр Ниязалиева Оштогу социалдык объектилерди кыдырып жүрөт

Жазылуу
Өкмөттүн социалдык блок боюнча өкүлү Ошто медициналык, билим берүү жана маданий жайлардын абалы менен таанышууда.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ош облусун кыдырып, бир катар медициналык, билим берүү жана маданий мекемелердин абалы менен таанышып жүрөт.

Композитор Рыспай Абдыкадыровду эскеришти
Сапар жүрүшүндө вице-премьер-министр бир катар медициналык, билим берүү жана маданий мекемелерди кыдырып чыгат.

Дамира Ниязалиева алгач, Ош облус аралык кургак учукка каршы балдар ооруканасында болот. Андан кийин Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияны, балдар бакчаларды жана мектептерди кыдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0