Кыргызстандын жарандарын Сирияга жиберип, үгүттөгөн жигит 4 жылга кесилди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүИсправительные учреждения Владимирской области
Исправительные учреждения Владимирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24 жаштагы жигит идеологиялык таасирге тушуккан жарандарды активдүү үгүттөп иштеп келген.

Ош шаарынын тургуну Стамбул каналы аркылуу Сирияга 60га жакын кишини жөнөткөн
БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, жарандарды Сирияга үгүттөп жүргөн Кыргызстандын жараны дүйшөмбү күнү, 12-январда 4 жылга эркинен ажыратылып, катуу режимдеги колонияга кесилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен ал КР Кылмыш жаза кодексинин 375-беренеси "Жалдамачылык" боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жыйырма төрт жаштагы жигит Базар-Коргон районунда идеологиялык таасирге кабылган жарандарды үгүттөө менен алектенип, аларды Сириядагы согушка катышуу үчүн жөнөтүп турган.

"Ал Сирияга бир канча кишини жөнөткөн жана дагы эки кишини жөнөтүүгө даярдап жүргөн", — деп белгилейт УКМКнын маалымат кызматы.

Сирияга жарандарды жиберүүнүн максаты – ал жактан террордук даярдыктан өтүп, Кыргызстанда жихад уюштуруу үчүн кайтып келишмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0