Жолдубаева: таза, ак жана мыйзам чегинде иштөөгө милдеттенме алам

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовЗаседание фракции СДПК
Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте сүйлөгөн Жолдубаева азырынча өзүнө бир гана — ак иштөөгө милдеттенме алды.

Индира Жолдубаеваны парламент Баш прокурорлукка жактырды
БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. Индира Жолдубаеванын Баш прокурорлук кызматка бекитилишин колдоп бергендиги үчүн, ЖК депутаттарынын ишенимин актоого аракет кыларын айтты.

Депутаттардын алдында чыгып сүйлөгөн Жолдубаева бир добуштан колдогондугуна ыраазычылыгын билдирип, алардын алдында жоопкерчилик аларын билдирди.

"Жоопкерчилик канчалык оор болорун көрүп турам. Бир добуштан колдоп бергендигиңиздерге ыраазылык билдирем. Мен азыр өзүмө ала турган бир гана милдеттенме — таза жана ак иштеп, мыйзам чегинде иш алып баруу. Сиздер берген суроолор менен айткан каалоолорду, сунуштарду, багыттоолорду албетте, эске алам", — деди ал.

Парламентте эл өкүлдөрү тарабынан прокуратура системасынын өзүнө бир канча сын-пикирлер айтылды.

Жолдубаева прокуратурада таза жана абийирдүү, сабаттуу кесипкөй кадрлар бар экендигине ишенээрин, бирок, коррупциянын бул жаатта жайылып кетишине жол бербөө зарылдыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0