Нике агенттиктеринин эл аралык күнү: өз бактысын тапкандар да кездешет

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүЦеремония бракосочетания. Архивное фото.
Церемония бракосочетания. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жаштарды никелештирүү боюнча иш алып барган бир канча чет элдик жана эл аралык нике агенттиктери бар.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Жаштарды никелештирүү боюнча жергиликтүү жана чет элдик нике агенттиктери Кыргызстанда ишмердигин жүргүзүп келет. Алардын кызматын пайдаланып чет жакка турмуш куруп кеткен кыз-келиндер да арбын. Ошол эле учурда алардын жасаган иштерин сындап, ишмердигине тыюу салуу керек деген жарандар да бар.

Коомдук активист Руслан Бекназаров кызын никелеп күйөөгө берүү бул атанын милдети экенин айтат.

"Ислам дининде кызын никелеп күйөөгө берүү атанын милдети. Эгер атасы жок болсо, бул милдетти кыздын агасы алат. Агасы да жок болсо, анда эне кызын никелеп күйөөгө берет. Биздеги нике агенттиктеринин биринчи максаты пайда табуу болгондуктан, аларды кыздын кийинки тагдыры кызыктырбайт", — дейт ал.

Бекназаров балким бул агенттиктердин жаштарды бири-бири менен жолуктуруп бактылуу кылуу ниети болушу мүмкүндүгүн белгилеп, баары бир алардын биринчи максаты пайда табуу, бизнес болгондуктан турмушка чыгып жаткан кыздардын тагдыры экинчи планда кала турганын кошумчалады.

Төрт жылдан бери Түштүк Кореянын Чунгжу шаарында жашап жаткан Гүлкайыр Назирова бактылуу жашап жатканын жана учурда үч айлык кызы бар экенин биздин кабарчыга билдирди.

"Мен негизи нике агенттиктерине күйөө издеп кайрылган эмесмин. Мен жакшы мамиледе болгон чач тарач эже аркылуу таанышкам. Нике агенттиги бизге документ даярдоодо гана өз кызматын көрсөтүп жардам беришти. Аларга кылган кызматы үчүн жолдошум акысын төлөп берген. Азыр мына бактылуу жашап жатабыз", — деди ал.

Гүлкайыр Назирова Кореяда да Кыргызстандагыдай эле жаман жана жакшы жерге келин болуп келгендер бар экенин айтып, жакшы турмуш куруп жашап кетүү ар бир адамдын колунда экенин белгиледи.

"Биз адамзаты өзүбүздүн жашообуздун калемгерибиз. Өзүбүздүн жашообузду өзүбүз жазабыз, же тартабыз. Ошол сыңарындай бул жакта деле турмушка чыккан кыздар "жашайм", "оокат кылам" деген ниети болсо, жашап кетет", — деп өз оюн билдирди.

Кыргызстанда ишмердигин жүргүзгөн нике агенттиктери алардын кызматы бизнес экенин танбайт. Ар бир бизнестин жакшы жана жаман жактары бар. Өз бактысын чет жактан издеген жарандарга бардык процедураларды түшүндүрүп беришет. Бул шартка макул болуу, же болбоо ал жарандардын өзүнүн эрки экенин Бишкекте ишмердигин жүргүзгөн нике агенттигинин өкүлү билдирди. 

12-февраль – нике агенттиктеринин эл аралык күнү. Нике агенттиктеринин эл аралык күнү 2010-жылдын 1-декабрында Украинанын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Мамлекеттик интеллектуалдык менчик департаменти тарабынан катталган. Жаңы майрамды белгилөө украиналык нике агенттиктеринин бирине таандык. Алардын бул демилгесин АКШ, Канада, Германия, Франция, Италия, Испания жана Швейцария мамлекетиндеги нике агенттиктери да колдоого алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0