Бишкек, 16-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, Таластагы селдин кесепетинен жабыркаган бардык турак-жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүү керектигин айтты.
Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Таластагы селдин кесепетинен жабыркаган бардык турак-жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүүгө тийиштигин айтты.
Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарыбыз өздөрү да түрдүү кесепеттердин алдын алууга даяр болушу керектигин белгиледи.
Атамбаев министрлик жаз айларында көп катталчу жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча жигердүү иштеп, калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.Өткөн аптада, Талас облусунун Бакай-Ата менен Кара-Буура райондорунун бир нече айылдарын суу каптап, кооптуулук жаралган үйлөрдүн жашоочулары, бир нече үй-бүлөлөр туугандарыныкына көчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 53 үйдү жана чарбаларынын тегерегин суу каптаган.
Өлкө аймагындагы аба ырайынын кескин бузулушунан улам, аталган министрликтин өздүк курамы, түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрү күчтөндүрүлгөн режим менен иштеп баштады.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.
Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.
"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.
Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.