Работа детского сада. Архивное фото.

Арабөк калган бала бакчалар

140
(жаңыланган 13:16 23.02.2015)
Арабөк калган бала бакчалар учурда республиканын ар бир аймагында кездешип, анын андан аркы тагдыры өкмөттүн колунда турат. Ал арада мээнетин жумшап, чуркап жүрүп айылда бакча ачкан педагогдордун шаабайы сууп отурган чагы.

БИШКЕК, 21-фев — Sputnik. Кызматкерлерине айлык төлөнүп берилбегендиктен, Кыргызстанда бала бакчалар чекесинен жабыла баштады. 17-февралдан тарта Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндөгү Күмүш-Азиз айылындагы бала бакча мамлекет тарабынан каржыланбагандыктан өз ишин токтотту. 

Демөөрчүлөр, эл аралык уюмдар жана айылдын жашоочуларынын каражатына курулган бала бакчаларды каржылоо маселеси чечилбей, арабөк жолдо калууда. Жакшы саамалык менен ачылган бала бакчалардын персоналдары алды бир жыл, арты бир нече айдан бери айлыксыз иштеп келе жатат. Акыркы алынган маалыматтарга караганда, мындай бала бакчалардын кызматкерлерине төлөнбөгөн карыз республика боюнча 223 миллион сомдун тегерегинде экен.

Каржылоо маселесин көтөрүп чыккан депутаттарга өкмөт конкреттүү жооп айта албай келгендиктен, 2014-жылдын айлык акылары боюнча суроо ачык бойдон калууда.  

ЖК депутаты Абдулатип Режевалиевдин айтымында, республика боюнча жергиликтүү элдин күчү, демилгеси менен бүтүп, бирок, мамлекет тарабынан каржыланбай калган бала бакчалар арбын. Бир эле мисал, Жалал-Абаддын Сузак району боюнча жаңы 9 бала бакча ачылып, азыр арбыны акча төлөнбөгөндүктөн жабылып калуу алдында турат. 

"Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча мектепке чейинки 35 билим берүү мекемелери болсо, анын 12си быйылкы жылдагы каржылоого кирбей калыптыр. Жаңы 9 бала бакча ачылып, кызматкерлери бир жыл бою айлык акысы жок, мамлекет тарабынан каржыланбай иштешкен. Алар Сузак Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө ачылган Ак-Ниет, Алтын-Уя, Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү – Үмүт, Көпөлөк, Багыш айылындагы — Айнуру, Ырыс айылында – Ромашка, Барпы айыл өкмөтүндөгү – Жеткинчек,  Кыз-Көлдө – Жетиген, Сузак айыл өкмөтүндө – Байчечекей-2  бала бакчалары ушундай абалда турат", — деди Режевалиев. 

Депутаттын айтымында, колунан келген каражатты айыл өкмөт менен эл төлөп берген, бирок, карыздын чети дагы деле оюлбай турат. Режевалиев жогорудагы бала бакчалардын кызматкерлерине айлык акы боюнча жалпы карыздын суммасы 4 миллион 945 миң сом болсо, анын 612 миңин айыл аймактар жана ата-энелер тарабынан төлөнүп берилгендигин билдирди. Учурда  төлөнбөгөн 4 миллион 331 миң сом карыз турат. 

"Бул боюнча өкмөткө кайрылганбыз, ал эми Каржы министрлиги акча жок деп карабай, ошентип, каржылоого быйыл да кирбей турат. Бул маселени мен күзүндө көтөргөндө, өкмөт жыл аягына чейин төлөп бергенге убада кылган… Бир нече депутаттар биригип, дагы көтөрүп, быйылкы, былтыркы карызды бюджетке киргиздирүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Режевалиев. 

"Мээнет менен ачып алган бакчабыз, айласыздан жабылып калды" 

Өкмөт ойлонуп, каржы министри толгонгуча жакшы саамалык менен ачылган Сузактын Күмүш-Азиз айылындагы 75 орундуу бала бакча ачылгандан бери иштеп келе жаткан кызматкерлерине айлык төлөнбөгөндүктөн жабылып калды. Бул туурасында бизге Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндөгү Күмүш-Азиз айылындагы бала бакчанын жетекчиси Урматхан Авилова күйүп-бышып айтып берди. 

Алгач бул имарат мурда союз маалында бала бакча болуп сонун иштеп туруп, кийин  кыздардын медресесине айланган. Жогорку Кеңештин  токтому, прокуратуранын чечими менен имарат кайрадан бала бакча үчүн кайтарылып берилген. Буга кубанган айыл өкмөт 250 миң сомго капиталдык ремонт жасап, БУУнун Өнүктүрүү программасынан 338 миң сом жардам каралган. Балдары көчөдө калбагындыгына кубанган жергиликтүү эл өзү 140 миң сомдук жабдыктарды алып берген. 

"Жабылганыбызга бүгүн төртүнчү күн болду. Көп жерде иштегем, бирок, Кыргызстанда мындай болгонун көргөн эмесмин. Бала бакча ушунча мээнет менен ачылды эле, жок жерден бар кылыш кыйын го. Айыл өкмөт кыйналды, БУУнун Өнүктүрүү фондусуна чуркап акча табыш мен үчүн канча кыйын болду, эл да өз жанынан тыйын чогултту эле.  14 ай иштедик. Жабылып калганда, балдарды үйлөрүнө жөнөтүп жатканда абдан капаланып ыйладым, балдар бакчасыз калды. Андай кылбайын десем, колуңдагы иштеген кишилерге айлык бербеген жаман нерсе экен, жоопкерчилигин алгам да. Эми азыр кайсы жерге барып башыбызды урушту билбей отурабыз. Башында акча бөлүнөт деп ойлогом. Биз Сирия же башка мамлекет эмеспиз, Кыргызстанда мыйзам бар го. Айылдын бөбөктөрү жайында чаңда, кышында ылайда ойноп жүргөндө  өкмөт колдойт деген ишеним менен демилгени көтөрүп, бакчаны ачтык эле. Эми ушундай абалда калдык", — деди Урматхан Авилова.

Бакчаларды республикалык бюджетке киргизүү — абалдан чыгуунун жолу  

ЖК депутаты Эльмира Жумалиева  абалдан чыгуунун жолу катары өкмөт бирдиктүү бир саясат жүрүгүзүп, бала бакчаларды республикалык бюджетке алып же дагы башка варианттарын тез  арада караштыруу зарылдыгын айтат. 

"Бала бакча деп ыйлап келебиз, айыл өкмөттөрү аларды өздөрү уюштуруп жатса, каражат жок иштебей, бош турат. Талас районундагы Калба, Кызыл-Туу, Жерге-Тал айылындагы бакчалар ушундай абалда турат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биздин өкмөт бирдиктүү бир саясат жүргүзүп, бала бакчаларды республикалык бюджетке алышы керек. Же андай жолго барбаса, дотацияда отурган айыл өкмөттөр бар, ошолордогу салыктар аркылуу өз ара эсептеп, чечиш керек. Мисалы, айылдагы салыктар 10 пайыз болсо аны 15ке көтөрүп, анын эсебинен каражатты чегерип, жолун табыш керек. Бул боюнча өкмөткө тапшырма бердик", — деди Жумалиева.

Каржы министрлиги: өкмөт чечим чыгарса, бюджетке өзгөртүү киригизип, каражат бөлүнөт

Бул боюнча Каржы министрлигинен азырынча республикалык бюджеттен каражат каралбагандыгын, бирок, өкмөт тарабынан тиешелүү чечим чыкса, бул маселе эртеби-кечпи чечилээрин айтышты. 

Аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Назар Малаевдин айтымында, мындай бала бакчаларга болжол менен 2015-жылга эсептей келгенде,  300 миллион сомдун тегерегиндеги каражат керектелет. 

"Бала бакчалардан Каржы министрлиги баш тарткан жокпуз, бул жерде тиешелүү процедуралар бар, мыйзам чегинде баарын карап бекитип алышыбыз керек. Бизде республикалык бюджетте турган бала бакчаларына 1 миллиард сомдон ашык каражат сарпталат. Жаңы курулуп жаткан балдар бакчалар башында жергиликтүү бюджеттен каржыланып баштаган, эми  аларды жергиликтүү бюджеттен толугу менен республикалык бюджетке өткөрүлүп берүү жаатында маселе коюлуп жатат. Бул боюнча өкмөт деңгээлинде атайын чечим чыгып, бизге тиешелүү тапшырма берилгенден кийин, бюджетке киргизилип, каражаттар такталат. Курулган ар бир балдар бакчасы билим берүү мекемеси болуп эсептелгендиктен, ал толук эсеп-чотко алынып, Билим берүү министрлиги аркылуу кошумча чыгашалары сметага киргизилип, анан бюджетке отургузулушу керек болучу. Тилекке каршы, былтыр бул маселе эмнегедир каралбай, бюджетке кирбей калган. Азыр бул боюнча Билим берүү менен Каржы министрликтеринин ортосунда иш жүрүп жатат… Айтайын дегеним, бул маселе өкмөт тарабынан оңунан чечилип, тиешелүү чечим чыгып кала турган болсо, жакында бюджетке өзгөртүүлөр киргизилет, ошондо кошумча каражат каралып, каржыланат, ал эми мөөнөтүн так айта албайм",  — деди Назар Малаев.

Мындай абалда калган бала бакчалар Ысык-Көл облусунун райондорунда, тактап айтканда Сары-камыш, Чоң-Сары-Ой айылдарында да кездешет. 

Буга чейин Sputnik Ысык-Көл  районундагы Ысык-Көл областына караштуу Кашат айылынын тургундары жаңы ачылган бала бакча каржыланбай жаткандыгын, айылдыктар түрдүү инстанциялардын эшигин каккылап, бирок оң жооп ала албай жаткандыгын жазган.

140
Белгилер:
Сузак району, Талас району, Абдулатип Режевалиев, Элмира Жумалиева, Урматхан Авилова, Жогорку Кеңеш, Каржы министрлиги, карыз, бала бакча, донор
Тема боюнча
Ниязалиева: 94 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды
ЖКда бала бакчаларга салык боюнча жеӊилдик берүү демилгеси каралды
Бакча ачылды, бирок балдарды кабыл албайт деп нааразы болууда көлдүктөр
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив

Акжол, Мээрим, Үзүр. Кыргызстандык балбандардын алгачкы атаандаштары аныкталды

39
(жаңыланган 12:59 01.08.2021)
Бүгүн кыргызстандык балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча 2-августта килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Акжол Махмудов Тунистин балбаны Ламджед Маафи менен кармашат.

68 килограмм салмак категориясы боюнча Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христова менен күрөшөт. Анын атаандашы 28 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.

97 килограмм салмак категориясы боюнча Үзүр Жузупбеков армениялык Артур Алексанян менен беттешет. Ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2016-жылкы Олимпиада чемпиону.

39
Белгилер:
Олимпиада-2020, күрөш, балбан, чучу кулак
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада 6-орунду ээледи. Видео
Шашып кетти. Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыга албай калды
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

7
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

7
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди
Мамбетов Алмаз Ишенбекович

Мамбетов Алмаз Ишенбекович өмүр баяны

0
Алмаз Мамбетов 1976-жылдын 15-мартында борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.

Билими:

  • 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. Кийин КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинен билим алган.

Эмгек жолу:

  • 2000-2002 — Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт;
  • 2002-2003 — Туризм менен спорт боюнча мамлекеттик комитетте байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004-2007 — Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;
  • 2008-2010 — "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында алгач адис, кийинчерээк башкы адис;
  • 2011 — Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2011-2014 — "Транс-Кыргызгаз Паплайн" компаниясынын филиалында PR-адис;
  • 2014 -2019 — Балыкчы шаарынын мэри;
  • 2019-2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  • 2020-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгынын башчысы.
0
Белгилер:
Алмаз Мамбетов, Өмүр баяны, билим, таржымал