Митинг-реквием памяти Немцова

Кыргызстандын оппозициячылары Борис Немцовду эскеришти

57
(жаңыланган 17:46 02.03.2015)
27-март күнү Москванын борборунан атылып өлтүрүлгөн Россиялык оппозициячы Борис Немцовду Кыргызстандык оппозициячылар да эскеришти.

БИШКЕК, 2-мар — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында Кыргызстандын оппозициячылары белгилүү Россиялык саясый ишмер Борис Немцовду эскеришти. Бул иш-чарага жыйырмадай киши катышты. 

  • Митинг-реквием памяти Немцова
    Кыргызстандын оппозициячылары Борис Немцовду эскеришти
    © Фото / Ажар Алапаева
  • Митинг-реквием памяти Немцова
    Кыргызстандын оппозициячылары Борис Немцовду эскеришти
    © Фото / Ажар Алапаева
  • Митинг-реквием памяти Немцова
    Кыргызстандын оппозициячылары Борис Немцовду эскеришти
    © Фото / Ажар Алапаева
1 / 3
© Фото / Ажар Алапаева
Кыргызстандын оппозициячылары Борис Немцовду эскеришти

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бул чакан эскерүү иш-чарасына Кыргызстандагы саясый активдүү жарандары жана саясатчылары келгенин белгиледи.

"Биз үчүн Борис Немцовдун өлүмү абдан чоң трагедия. Бийлик болгон жерде дайыма оппозиция болушу керек. Немцов биз үчүн оппозициянын белгилүү, үлгүлүү лидери. Ага болгон урматыбызбы билдирели деп ушул иш-чараны уюштурдук", — деди ал.

Жээнбеков Немцов менен Акаевдин маалында министр болуп турганда таанышканын билдирди.

"Мен Акаевдин маалында министр болуп турган кезде Немцов Россия өкмөтүнүн вице-премьер-министри болчу. Ошондо таанышып, сүйлөшүп калган учурларым болгон. Аябагандай жүзү жарык, жайдары, билими жогору адам эле", — дейт ал.

Жээнбеков Немцовду эр жүрөк, позициясында так турган саясатчы катары дайыма баалай турганын кошумчалады. 

Ажар Алапаева
Кырызстандын оппозиционерлери Немцовду эскеришти

Россиянын белгилүү оппозиция өкүлү Немцовду 27-февралда Москва убактысы боюнча түнкү саат 23:40тар чамасында Москва шаарындагы Чоң Москворецк көпүрөсүндө сейилдеп жүргөндө атып кетишкен.

57
Белгилер:
Митинг, Равшан Жээнбеков, Борис Немцов
Тема боюнча
Кулов: Немцовдун өлтүрүлүшү Россиянын бийлигине пайда алып келмек эмес
Немцов Борис Ефимович. Өмүр баян
Немцовдун өлүмү боюнча бардык версиялар каралып жатат
Пикирлер