Дүйшөмбүдө Кыргызстанда кызылча менен кызамыкка каршы улуттук эмдөө башталат

© AFP / LUKAS SCHULZEВакцинация против кори
Вакцинация против кори - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда кызамык менен кызылча оорусуна каршы иммунизация боюна улуттук кампания эки этап менен өтөт.

БИШКЕК, 13-мар. – Sputnik. Кыргызстанда өтүүчү улуттук иммунизация кампаниясынын алкагында дүйшөмбүдөн, 16-марттан, тарта Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында кызылча менен кызамыкка каршы эмдөө башталат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кызылчага каршы массалык эмдөө 2-марттан тарта башталат
Иммунизация боюнча улуттук кампания эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта Чүй, Бишкек аймактарында 16-28-март күндөрү жети жаштан 20 жашка чейинкилерге жана саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине жасалат. 

Эмдөөнүн экинчи этабы ушундай эле системада бир жаштан – 20 жашка чейинки жаштагылар арасында апрель айында республиканын калган аймактарында – бир жаштан тарта Ысык-Көл, Талас, Баткен, Ош, Нарын облустарына менен башка шаарларда жүргүзүлөт. 

Бул максатта 12-февралда "Манас" аба майданына кызымак менен кызылчага карата жасалуучу вакцинанын 840 000 дозасы келип түшкөн. 

Буга чейин да Sputnik маалымат сайтына Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов массалык кампанияга БУУнун Балдар Фонду бизге вакцина сатып келип берээрин, ЮНИСЕФте Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунан алган атайын уруксат баракчасы бардыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0