Мамлекеттик архив фонду 9 өлкө менен жакындан кызматташмай болду

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАрхив фонду
Архив фонду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимге ылайык, архивдик фонддор эски документтерди алмаша алышат.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. КР Мамлекеттик архив фонду Россиянын, Түркиянын, Литванын, Тажикстандын, Украинанын, Польшанын, Кытайдын, Казакстандын жана Саха-Якутиянын (РФ) мамлекеттик архив кызматтары менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койгонун КР Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, мамлекетердин архивдик маалыматтарынан документтердин көчүрмөлөрүн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 2000-жылы Өзбекстандын архивинен алынган документтердин көчүрмөсүнүн жардамы менен Исхак Раззаковдун жыйнагы чыккан. Андан сырткары Казакстан менен Өзбекстандын мамлекеттик архивинен алынып келген документтер 2013-жылы басылып чыккан Бишкек шаарынын тарыхы боюнча китепке кирген. Мамлекеттик архив фонду Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы боюнча документтер менен да толукталган.

Улуу согуштун тарыхы 250 чарчы метрде
Буга чейин архив фонду атайын пландалган иш-сапарлардын негизинде толукталып келген. Москва, Ташкент, Фергана, Алматы шаарларындагы мамлекеттик архивдерине илимий иш-сапарлар жасалчу. XX кылымдын 30-40-жылдарына таандык, бүткүл союздук фонддун курамына кирген 20 миңдей микрофильмдердин кадрлары, документтердин, аудиовизуалдык эмгектердин 600дөн ашык көчүрмөсү алынып келинген. Алардын ичинде "Крыша Памира", "Турксиб", "Колхозная Киргизия", "Песня о Киргизии" сыяктуу хроникалык-документалдуу фильмдер бар. 1927-1928-жылдардагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер-суу реформасынын жүрүшү, биринчи электростанция – Аламүдүн ГЭСи жөнүндөгү документтер жана манасчылар жөнүндөгү 1939-жылкы архивдик документтер эми изилдөөчүлөр үчүн жеткиликтүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0