24-март иш күнү экенин министрлик эскертти

Жазылуу
Элдик революция катары белгиленген 24-март эс алуу күнү эмес. 2012-жылы Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүү менен бул күн жумушчу күн деп жарыяланган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 24-март жумуш күнү экенин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги эскертти.

2012-жылдын май айында Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, элдик революция күнү катары кабыл алынган 24-мартты дем алуу күндөрүнүн тизмесинен чыгарышкан.

24-мартты дем алыш күн катары белгилөө боюнча Эмгек кодексине өзгөртүү 2008-жылы IV чакырылыштагы депутаттар тарабынан киргизилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0