Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт

Жазылуу
Бүгүнкү жана эртең жаашы күтүлүп жаткан кардан улам, көпчүлүк облустардын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —5…-10 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн абанын температурасы 0…+5 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдорду тазалоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муниципалдык кызмат түнү менен шаардын көчөлөрүн тазалады
Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет. Ошондой эле, айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору. 

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100- чакырымдарында, Казарман – Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдары, (Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңорун министрлик эскертет.

Жол коопсуздугун сактап, адамдын өмүрүнө коркунуч алып келбөө үчүн унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0