Мартта жааган кар түштүктөгү мөмө-жемиш бактарын түшүмсүз калтырышы мүмкүн

Жазылуу
Түштүк жергесиндеги мөмө-жемиш бактарынын 70 пайызы гүлдөп калгандыктан, жааган кардан улам үшүк жүрүп, мөмө бербей калуу коркунучу жаралды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда эки күн катары менен жааган кардан улам, өлкөнүн түштүк аймагында гүлдөп калган мөмө-жемиш бактарын үшүк алуу коркунучу абдан жогору экенин Айыл чарба министрлигинин жер саясатын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, жааган кар өзгөчө мөмө бере турчу, гүлдөп калган өсүмдүктөргө оор кырдаал жаратты.

"Жааган кар өзгөчө, түштүк аймакта гүлдөп калган өрүк менен шабдаалыга абдан терс таасир берди. Учурда облус, райондордогу абалды сураштырып, маалыматтарды топтоп жатабыз", — деди ал.

Жумалиев мөмө-жемиш бактарын үшүктөн сактоо үчүн түтөтүү ыкмалары мурдатан эле колдонуп келе жатканын кошумчалады. 

© Фото / Айдай ИсламидиноваҮшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
1/3
Үшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
© Фото / Айдай ИсламидиноваҮшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
2/3
Үшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
© Фото / Айдай ИсламидиноваҮшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
3/3
Үшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
1/3
Үшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
2/3
Үшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды
3/3
Үшүк жүрүп, өрүк мөмө бербей калуу коркунучу жаралды

Ал ошондой эле, жааган кар Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында, Бишкек шаарында бүрдөп калган өсүмдүктөргө анча деле таасир бербей турганын белгиледи.

Баткен шаарынын тургуну Нурсултандын айтымында, 29-марттан 30-мартка караган түнү жааган кардан улам, гүлдөп калган өрүктөрдү үшүк алып-албаганы билине элек.

"Азыр дагы деле аяз бар. Күн жылыгандан кийин үшүк алып албаганы билинет. Өзгөчө шаар тышындагы өрүктөрдү үшүк алып кетти го деп кооптонуп жатабыз", — деди ал.

Жазында жааган кар - Sputnik Кыргызстан
Жазында жааган кар
Март айынын аягында жааган кар көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Кардан улам гүлдөп калган өсүмдүктөрдү үшүк алып, мөмө бербей калуу коркунучу чоң. 

Жааган кар Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жол кыймылын да кыйындатты. Сууктун түшүшү менен Ош шаарынын тургундарына кайтадан жылуулук да берилди. 

Аба ырайынын катаалдыгынан Ош аэропортуна конуп жаткан учак учуп-конуу тилкесинен да чыгып кеткен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0