Дем алыш күндөрү Бишкек – Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жок

© Sputnik / Табылды КадырбековДем алыш күндөрү Бишкек – Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жок
Дем алыш күндөрү Бишкек – Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн дароо жылышы менен тоолуу аймактарда көчкү жүрүү коркунучу жогорулады.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды кар көчкү жана сел жүрүү мезгили башталганын эскертет. 

Министрликтин кризистик борбор башкармалыгынын жетекчиси Мухаммед Саваровдун айтымында, аба ырайынын кескин жылып, кайра суук болушу кар көчкү түшүү ыктымалдуулун жогорулатты.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман – Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Жаңылыктар түрмөгү
0