"Кумтөр" маселеси парламентте түштөн кийин каралат

Жазылуу
Депутаттар түштөн кийин "Кумтөр" боюнча ЖКнын токтомдорунун аткарылышы туурасында премьер-министр Оторбаевдин маалыматын угат.

БИШКЕК, 9-апр. – Sputnik. Жогорку Кеңеште саат 14:00дө парламент "Кумтөр" боюнча өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин маалыматын угат. Бул туурасында депутаттар бүгүн пленардык жыйында добуш берүү менен чечти. 

Депутаттар учурда Кумтөр маселесин бүгүн, 9-апрелде кароо же кийинкиге жылдырууну "Ар түрдүү маселелерде" талкуулап, бир катар пикирлерин айтышты. Өкмөттүн өкүлү "Кумтөрдү" кароону кийинкиге жылдыруу өтүнүчү менен депутаттарга кайрылган. Бирок, буга депутаттардын көпчүлүгү макул болгон жок. 

"Кумтөр" боюнча бардык жоопкерчиликти мен өзүмө алам. Эгер депутаттар "Кумтөр" боюнча биргилешкен ишкана түзүү, же аны улутташтыруу пикиринен кайтпаса, отставкага кетүүгө мажбур болом", — деген ал мындан бир аз күн мурда парламенттин комитетинин жыйынында. 

Буга чейин Оторбаев парламенттин комитет жыйынында, эгер депутаттар "Кумтөр" боюнча биргилешкен ишкана түзүү, же аны улутташтыруу пикиринен кайтпаса, отставкага кетүүгө мажбур болорун айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0