БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мамлекеттин менчигине кайтарылган бир гана бала бакча үчүн анын мурунку ээсине бюжеттен 6 миллион төлөп берилди деп билдирет Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун юридикалык бөлүм башчысы Болот Мукашев.
Бала бакчаларды мамлекеттин менчигине кайтарып берүү боюнча ири "операция" Кыргызстанда 2014-жылдын декабрында башталган.Мукашев түшүндүргөндөй, "азыр чынында бала бакчалардын мурдагы ээлери менен түзүлгөн келишимдер жоюлуп жатат, жана, мыйзамга ылайык, мамлекет аларга имараттардын сатык баасын кайтарып бериши керек".
"Качандыр бир кезде мамлекет алган ошол акчалар бюджетке келип түшкөн. Эми алар кайтарылып жатат. Зыян келтирилген жери жок", — деп баса белгиледи ММБФнын өкүлү.
Жалпысынан 2013-жылдан тартып өлкө боюнча 119 бала бакча мамлекеттик статусун кайра алышты. Азыр КРдин Каржы министрлиги мамлекттик бюджетке киргизилген компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасын аныктап жатат.
Sputnik кабарчысына берген маегинде вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2013-жылдын декабрында өкмөт бала бакчалардын имараттарын мамлекеттин менчигине кайтаруу жөнүндө токтом чыгарганын белгиледи.
"Кайтарылган бала бакчалардын 81и өзүнүн баштапкы багытында иштеп жатат, 19 имаратта калыбына келтирүү иштери жүрүп, ал эми 15 имаратты оңдоо үчүн каражат изделүүдө", — деди Ниязалиева.
Ал бүгүнкү күндө ведомстволук комиссия түзүлүп, ал 2015-жылдын аягына чейин иштей турганын кошумчалады. Аталган комиссиянын иши бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын инвентаризациялоо жана маалыматтарды тактоо менен байланышкан.
Республикада бала бакчаларга байланышкан абал тууралуу Sputnik инфографикасынан караңыздар>>
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкерлери Кубаныч Абдисалам уулу (жеңил салмак) жана Жыргал Чомонов (оор салмак) бүгүн BRAVE CF & KREPOST промоушендеринин биргелешкен мелдешинде беттешке чыгышат. Алардын атаандаштары менен көз караштар таймашын промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашат. Кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер мушкерлердин көз караштар таймашына чыккан видеосун жарыялашты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми оор салмакта Жыргал Чомонов россиялык Константин Ерохин менен беттешет.
Мелдеш Сочи шаарында өтөт. Кыргызстандык эки мушкердин тең беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган.
Эске салсак, учурда UFC уюмунун "2020-жылдын ачылышы" наамына татыган мушкер Хамзам Чимаев да дал ушул BRAVE CF промоушенинен чыккан.