Жоомарт Оторбаев. Архив

Төрт эмге өкмөт башчы 300 миң сом жардам көрсөттү

58
(жаңыланган 15:48 15.04.2015)
Премьер-министр Оторбаев апрель айынын башында төрөлгөн төрт эмге материалдык жардам катары 300 миң сом берди.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев төрт эмге материалдык жардам көрсөтүү боюнча буйрукка кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

9-апрелде Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда төрт эм уул төрөлгөн.

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Нурлан Зарнаев менен Гүлайым Абдылдаеванын үй-бүлөсүнө 300 миң сом өлөчөмүндөгү каражат бөлүнөт.

35 жаштагы Нурлан Зарнаевдин төрт эмге чейин үч уулу болгон. Эми ал 7 уулдун атасы болуп калды.

58
Белгилер:
Өкмөт, Жоомарт Оторбаев
Пикирлер