Ошто 7 миңден ашуун шаардыктар тынчтык жөө жүрүшүн өткөрдү

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОшто 7 миңден ашуун шаардыктар тынчтык жөө жүрүшүн өткөрдү
Ошто 7 миңден ашуун шаардыктар тынчтык жөө жүрүшүн өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ош шаарынын көчөлөрүнө бийлик башындагылардан тарта студенттерге чейин жөө жүрүшкө чыкты.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында 21-апрель күнү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жети миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда тынчтык маршы болду.

Иш-чара алгач калаанын Ленин — Навои көчөлөрүнүн кесилишинен баштап, борбордук аянтка чейин жөө жүрүш менен уланды. Ага шаардагы бардык мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери менен мугалимдери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Тынчтык маршында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүнкү бейпил турмушка согуштун катышуучуларынын салымы чоң экендигин белгиледи.

"Биз үчүн баа жеткис бейпил турмушту, тынчтыкты алып келүү үчүн Улуу Ата мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам аттанып, кан күйгөн согуш талаасында 3627 жердешибиз курман болгон. Күндөн күнгө саны азайып бара жаткан согуш ардагерлерине болгон урмат-сыйыбыз чексиз", — деди Кадырбаев.

Тынчтык маршы Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен уланып, ага шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Россиянын, Казакстандын Оштогу консулдары, согуштун жана ооруктун ардагерлери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0