Минэнерго башчысы энергетикадан кадрлардын кетишин өнөкөт адат катары баалады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлектрик. Архив
Электрик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турдубаев энергетика тармагындагы кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүн кошумча топтордун түзүү жана ага жаштарды, мектеп окуучуларын тартуу аркылуу чечүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Энергетика тармагынан кадрларды кетип жатышы өнөкөт адатка айланып калды деп билдирди Коргоо кеңешинде Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев.

Анын айтымында, бул көрүнүш тармактын ишин бир топ татаалдантты. 

"Кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик системанын жок болгон азыркы шартында аталган тармак алсыз болуп турат, андыктан радикалдык иш-чаралар зарыл ", — деди ал.

Турдубаев көйгөйдү адистерди тобун түзүүдөн баштоону сунуштап, андан сырткары табигый илимдерге кызыккан жаштарды мектептер жана университеттер менен иштөө аркылуу тартууну кошумчалады.

Коргоо кеңеши коопсуздук жана коргонуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырган конституциялык орган. Ал Кыргызстанды учурдагы кооптуулук жана коркунучтардан коргоо боюнча чечимдерди даярдап, иштеп чыгат.


Жаңылыктар түрмөгү
0