БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Атамбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына эки талапкерди шайлоо боюнча чечим кабыл алып, аны Жогорку Кеңешке жөнөттү.
Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун Конститиуциялык палатасына жана Бишкек шаары менен Чүй облусунун райондор аралык сотуна талапкерлер менен жолугуп, аңгемелешүү өткөргөн.
Кыргызстанда сотторду тандоо кеңеши менен 2015-жылдын апрелинде мамлекет башчысына Коституциялык палатага көрсөтүлгөн үч жана Бишкек шаары менен Чүй облусунун райондор аралык сотуна көрсөтүлгөн 13 талапкер сунушталган.
Президент менен 15-апрелде болгон аңгемелешүүдөн кийин жана 28-апрелдеги Сотторду тандоо кеңешинин чечими менен Атамбаев Жедигер Саалаев менен Курмантай Абдиевди Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайлоого көрсөтүү чечимин кабыл алды.
Курмантай Абдиев учурда – жогорку Кеңеште "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, ал эми Жедигер Саалаев – өкмөттүк "Кыргыз Туусу" басылмасынын башкы редактору.
Президент жактырып, чечим кабыл алгандан кийин талапкерлерди ЖКнын кароосуна жөнөтөт.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ага карата кылмыш иши козголушу боюнча маалымат жыйын берди.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп шектелүүдө. Ага Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.
"Мага коюлган берененин эч бир негизи жок. Коррупция деген такыр башка түшүнүк. Анда кызматкер материалдык пайда көрүү үчүн атайын иш-аракеттерди жасайт. Ал эми Башкы прокуратура мени кызмат адамдары менен жайыт жерлерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыптоодо", — деди.
Ал 2008-жылы жайытты ижарага алып иштеткенин айтып, жашыл китебин көрсөткөн. Ал убакта эч бир мамлекеттик кызматта иштебегенин да билдирген.
Ошондой эле Сегизбаев ашыкча байлыгы жок экенин айткан.
Ал эми президенттик компанияны багбанчылык жана мал чарбачылыгынан түшкөн кирешеден каржылаганын кошумчалаган. Мамлекеттик кызматка киришкенден кийин бул тармакты эжесинин башкаруусуна өткөрүп бергенин айткан.
18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду