Бишкекте ретро машиналардын автожүрүшү

Бишкекте ретро машиналардын автожүрүшү өтүүдө

63
(жаңыланган 13:36 06.05.2015)
Автожүрүшкө "Волга", "Победа" маркасындагы жана башка автомашиналар катышты. Алардын катарында 1947-жылы чыккан машиналар да бар.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ретро-машиналардын айдоочулары Жеңиш күнүнө карата шаарда автожүрүшкө чыкты.

Автожүрүшкө "Волга", "Победа" маркасындагы жана башка автомашиналар катышат. Алардын катарында 1947-жылы чыккан машиналар да бар. Жүрүшкө 15-16дай автоунаа чыгат.

  • Ретро-машиналардын айдоочулары Жеңиш күнүнө карата шаарда автожүрүшкө чыкты.
    Ретро-машиналардын айдоочулары Жеңиш күнүнө карата шаарда автожүрүшкө чыкты.
    © Фото / Константин Конкин
  • Автожүрүшкө Волга, Победа маркасындагы жана башка автомашиналар катышат.
    Автожүрүшкө "Волга", "Победа" маркасындагы жана башка автомашиналар катышат.
    © Фото / Константин Конкин
  • Жүрүшкө 15-16дай автоунаа чыгат.
    Жүрүшкө 15-16дай автоунаа чыгат.
    © Фото / Константин Конкин
1 / 3
© Фото / Константин Конкин
Ретро-машиналардын айдоочулары Жеңиш күнүнө карата шаарда автожүрүшкө чыкты.

Автожүрүш Өчпөс отко гүл коюу менен аяктайт. Автоунааларды Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери коштоп жүрөт.

63
Белгилер:
автожүрүш, Улуу Жеңиш
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Тема боюнча
Чек арачылардын Жеңиш эстафетасы Ошко өтөт
Ала-Тоо аянтындагы "Жеңиштин мураскерлери парады"
Беш-Күнгөй айылында Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Георгий тасмасы" акциясы өттү
Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан боз үйлөр. Архивдик сүрөт

Тоого кар жаайт. Бейшембиге карата аба ырайы

5
24-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.

5
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

12
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

12
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду