Тазаланбаган арыктардан улам Киев – Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишин суу каптады

© Sputnik / Табылды КадырбековПерекресток превратилось в "озеро"
Перекресток превратилось в озеро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сугат суулары тазаланбаган арыктардан ашып, жолду каптоодо. Мындай абал жөө жүргүнчүлөр үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Киев менен Тыныстанов көчөлөрүндөгү арыктар тазаланбагандыктан, сугат суулары ашып, жолду каптады. 

"Тазалык" муниципалдык ишканасы апта башында шаардагы аянттарды жана гүл бактарды сугаруу үчүн арыктарга суу салган.

Аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги арыктардан ашкан суу көп болгондуктан, жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына ыйынчылык жаратты.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашевдин айтымында, арыктар тазаланбагандыктан, суулар ашып кеткен. Себеби жарандар арыктарга дайыма таштандыларды калтырышат.

"Арыктагы таштандыларды тазалап, сууну өз нугуна салуу үчүн мен жумушчуларды жөнөтүп жатам. Тез арада ал жердеги абал жөнгө салынат", — деди Сарпашев.

Ал мындай абал башка жерлерде кайталанбашы үчүн мекеменин кызматкерлери арыктарды тазалап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0