Ниязалиева конок үйлөр санитардык эрежени бузса, жабыларын эскертти

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүЫсык-Көлдүн жээги. Архив
Ысык-Көлдүн жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келген турист өзүн мейманканада эле эмес жолдо, эс алуучу жерине бара жатканда да ыңгайлуу сезиши керек деди вице-премьер-министр.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эгерде Ысык-Көлдөгү конок кабыл алуучу үйлөр санитардык-тазалык ченемдерин буза турган болсо, аны четтеткенге чейин жабылат деп айтты вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева. 

Ал коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги отурумун өткөрдү.

Ниязалиева июнь айында Кыргызстандын 2015-жылдагы туристтик мезгилге даярдыгын талкуулоо үчүн кызыккан  бардык мамлекеттик тараптардын катышуусунда кеңешме өтөрүн билдирди.

"Санитардык-гигиеналык кызматтар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү зарыл. Бул өзгөчө коомдук тамактануу жайларына тиешелүү. Себеби бул боюнча ыйгарым укуктуу кызматтар күтүүсүз текшерип калышы ыктымал. Эгерде тамактануучу жайлардын, конок үйлөрдүн, эс алуу борборлорунун кожоюндары санитардык тазалык ченемдерди буза турган болсо, аны четтеткенге чейин жабылат", — деп айтты вице-премьер-министр.

Ал Ысык-Көлгө бараткан жолдо жана курорттук аймакта кызмат көрсөтүү деңгээлин көтөрүү зарылдыгын билдирди. 

Вице-премьер турист өзүн мейманканада эле эмес, жолдо келе жатканда, эс алуучу жерине бара жатканда да ыүгайлуу сезиши керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0