ЮСАИД: КРдин 1,8 млн. тургуну жакырчылыктын чегинен ашкан абалда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖакырчылыктан кыйналган киши. Архив
Жакырчылыктан кыйналган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адамдар өз байлыгын салымдар жана насыялоолор аркылуу көбөйтүү менен, банк секторунун кардарлары боло алат деп эсептейт ЮСАИДдин экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешчиси Пол Хамлин.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандын калкынын 35 пайызы, башкача айтканда, 1,8 миллион тургуну жакырчылыкта жашайт деп билдирди Бишкектин эл аралык 2015-каржы форумунда ЮСАИДдин экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешчиси Пол Хамлин.

Анын айтымында, бул сандар алар өз байлыгын салымдар жана насыялоолор аркылуу көбөйтүү менен, банк секторунун кардарлары боло алат дегенди билдирет.

"Республика боюнча жалпы жакырчылыкты кыскартыш үчүн калкка насыя берүүнү кеңейтүү зарыл", — дейт Хамлин.

Ал банк кызматтарын пайдалануу өлкө боюнча төмөн экендигин белгиледи.

"Теориялык жактан алганда, алардын баары банк кызматтары камтыбаган силердин кардарлар. Көрсөткүчтөргө караганда, калк насыя алып жатат, бирок банк мекемелеринен эмес. Алардын кайтарып берүү деңгээли жогору. Калк арасында ишти кеңейтүү керек", — деди Хамлин коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө кайрылып.

Хамлин КРде банк секторун жана жалпы эле каржы рыногун өнүктүрүүгө жардам бере турган альтернативалуу төлөм системаларын өрчүтүүнү кеңеш кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0