Эксперт: кафелердеги кальяндардан жыныстык ооруларды жуктуруп алууга мүмкүн

© AFP / JORGE GUERREROКафедеги кальян. Архив
Кафедеги кальян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын кафелерине баргандар кальян аркылуу жыныстык ооруларды жугузуп алышы ыктымал. Тейлөө тармагынын кызматкеринин айтымында, коркунучтуу бактериялар топтолуучу түтүктөр эң жакшы дегенде күнүнө бир гана жолу жуулат.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Эс алуучу жайлары сифилис же башка жыныстык оорулардын бактериялары бар кальяндарды бериши мүмкүн экенин Sputnik агенттигине Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Анара Калиева билдирди.

Жакында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бир да кафе кальяндарды дезинфекциялабайт деп билдирген эле. Бул туурасында борбор калаанын 200дөн ашык коомдук тамактануу жайларын текшергенден кийин белгилүү болгон.

Кафеде кальян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кальяндарда коркунучтуу микробдор бар экени аныкталды
Калиеванын айтымында, кальян — бактериялар көбөйүшү үчүн эң ыңгайлуу жер. 

Эксперттин маалыматына ылайык, сарык, кургак учук жана ашказандын шишик оорулары пайда кылуучу инфекциялар да коркунуч жаратат. 

Кальян боюнча адис Абубакр Тошевдин айтымында, кафелерде иштегендер кальяндын түтүктөрүн жана колбаларын жууганга жараксыз каражаттарды колдонуп, абалды дагы татаалдатып жатышат. Жылуулук менен нымдын таасири астында химиялык заттар чегип жаткан адамдын өпкөсүнө барып, зыян келтирет.

"Ден соолукка зыян келтире турган кальянды таап билүү кыйын эмес. Анын түтүгүнөн жагымсыз жыт келип, ал эми колбада чөгүндүлөр болот", — дейт Тошев.

Түтүктөрдү жуугандан кийин көпкө кургатыш керек, ошондуктан көпчүлүк кафелер үчүн аларды күнүнө бир жолудан көп жууп туруу пайдасыз. 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар тамеки өндүрүмдөрүнө, анын ичинде кальян чегүүгө жыл сайын 4 миллиард сомдон ашык сарп кылышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0