Ысык-Көлдө 40 тонна кара куурай өрттөлдү

© Алена ХоменкоЫсык-Көл облусунда жай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алпуруша турган 150 атайы бригада түзүлдү.
Ысык-Көл облусунда жай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алпуруша турган 150 атайы бригада түзүлдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунда жай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алпуруша турган 150 атайы бригада түзүлдү. Анын курамында 700 адам бар.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 40 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынганын облустук ИИБ билдирди.

Аталган облустун үч районунда 25-26-июнь күндөрү жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча ишембиликтер өттү. Иш-чара баңгизатка каршы күрөшүү эл аралык күнүнө карата жыл сайын өтүүчү "Мак-2015" операциясынын алкагында ишке ашты.

© Фото / Алена ХоменкоЫсык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 40 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.
Ысык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 40 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ысык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 40 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.
© Алена ХоменкоЖай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алпуруша турган 150 атайы бригада түзүлдү.
2/5
Жай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алпуруша турган 150 атайы бригада түзүлдү.
© Алена ХоменкоБул жылы 222 миң гектар жер текшерилип, анын 548 гектарында кара куурай өсөөрү аныкталган.
3/5
Бул жылы 222 миң гектар жер текшерилип, анын 548 гектарында кара куурай өсөөрү аныкталган.
© Алена Хоменко"Мак-2015" операциясы түшүм жыйнала турган август айына чейин уланат.
4/5
"Мак-2015" операциясы түшүм жыйнала турган август айына чейин уланат.
© Алена ХоменкоАк-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда жалпы жонунан 14 гектарлык аймактан 39 тонна 173 кг кара куурай жок кылынды.
5/5
Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда жалпы жонунан 14 гектарлык аймактан 39 тонна 173 кг кара куурай жок кылынды.
1/5
Ысык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 40 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.
2/5
Жай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алпуруша турган 150 атайы бригада түзүлдү.
3/5
Бул жылы 222 миң гектар жер текшерилип, анын 548 гектарында кара куурай өсөөрү аныкталган.
4/5
"Мак-2015" операциясы түшүм жыйнала турган август айына чейин уланат.
5/5
Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда жалпы жонунан 14 гектарлык аймактан 39 тонна 173 кг кара куурай жок кылынды.

ОИИБнын маалыматы боюнча, бул жылы 222 миң гектар жер текшерилип, анын 548 гектарында кара куурай өсөөрү аныкталган. Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда жалпы жонунан 14 гектарлык аймактан 39 тонна 173 кг кара куурай жок кылынды.

"Ишембиликте милиция кызматкерлери, атайы бригадалардын мүчөлөрү, жумушсуз катары каттоодо турган жарандар катышты. Биз аларга жасаган иши боюнча акча төлөп беребиз", — дейт облустук ИИБ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.

Ысык-Көлдө кара куурай жок кылынууда
Ысык-Көл облусунда жай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алпуруша турган 150 атайы бригада түзүлдү. Анын курамында 700 адам бар.

"Мак-2015" операциясы түшүм жыйнала турган август айына чейин уланат. Усубакуновдун маалыматы боюнча бул жылы облуста баңгизатка байланышкан 111 кылмыш иши катталган.

"Кара куурайды жок кылуу боюнча калк арасында түшүндүрүү, бул аракеттерге элди тартуу иштерин айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жүргүзүшү керек. Биз жыл сайын бардык айыл аймактарын текшерүүдөн өткөрөбүз. Натыйжада аталган чөптү жок кылууга эч кандай чара көрбөгөн жетекчилерге карата 21 протокол түзүлдү. Бардык айыл өкмөттөр айып пул төлөштү", — деп кошумчалады Усубакунов.

Нашаа жана марихуна заттарын пайдалануу, сактоо жана сатуу үчүн 5 миң сом өлчөмүндөгү айып пулдан баштап мүлк конфискациясы менен бирге эки жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0